"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Ош облусундагы өзбек тилдүү мектептерде кыргыз класстарын ачуу демилгеси өзбек тектүү ата-энелер тарабынан көтөрүлгөн. Алар балдары мамлекеттик тилди билсе келечекте өлкөнүн коомдук-маданий турмушуна кененирээк аралаша алаарына ишенишет.
Оштун Кара-Суу районундагы Савай-Арык айылында окуучулар жаңы окуу жылын жеке менчик үйдө жана чатырларда тосуп алганы турат.
Мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөндөн кийин Ошто педагогдордун тартыштыгы кескин азайды. Облус мектептерине өткөн жылы болгону 27 жаш мугалим жумушка орношкон болсо, быйылкы окуу жылында алардын саны 179га жетти.
Өткөн жылы июндагы коогалаңда өрттөнүп кеткен Толстой атындагы мектептин жаңы имараты ишке берилгени турат. Бир жылдан бери чатырда окуп келген Кара-Суунун Шарк айылынын окуучулары эми 2 кабаттуу мектепте билим алышмакчы.
Абактардагы кыйноолорду азайтуу үчүн Кыргызстандын күч стуруктураларына ар улуттун өкүлдөрүн көбүрөөк тартуу керек. Мындай демилгени президент Роза Отунбаева Ошто жүргөн иш сапарында көтөрдү.
Кыргызстанда абактардагы кыйноолор 7 айдын ичинде эле 34кө жетти. Бул сан өткөн жылдагыдан эки эсеге көп. Бул тууралуу президент Роза Отунбаева Ошто жүргөндө билдирди. Өлкө башчысы муну токтотуу үчун абактарга видеокөзөмөл киргизилерин кабарлады.
Ош облусунун Чоң-Алай районунда таза суу маселеси элди кыйноого салып келет. Райондо 17 айыл болсо, анын жарымынан көбүндө тургундар таза суу ичишпейт. Мунун айынан элетте оорулардын саны жылдан жылга көбөйүп баратканы айтылууда.
Чоң-Алайдын Кызыл-Эшме айылын байырдаган айтылуу Рахманкул хандын тукумдарынын жашоосу жан оорутат.
Дароот-Коргон айылынын тургундары алтын кен иштетүүчү кытайлык “Интербизнес Кайди” компаниясынын өндүрүшүн текшерүүнү талап кылышууда.
Кыргызстанда тестиерлер менен өспүрүмдөр жарамазан айтуу менен тыйын табуунун кыныгын алышкан. Алар адатта кафе, унаа токтоочу жайларда, автобекеттерде туруп алып, ары-бери өткөн адамдардан акча өндүрүшөт.
Ош шаарында жолбун иттер көбөйүп, адамдарды каап алган учурлар катталууда. Жыл башынан бери эле 548 адам жардам сурап, ооруканага кайрылган.
Ош шаарында Кара-Суу районуна таандык 14 миң гектар жер бар. Районго тиешелүү болгон менен калаанын ичинде турган кварталдарда жашагандар бир топ түйшүктөргө батышат.
Кара-Суу районунда өз айылын беш колдой билген айыл башчы бар. Аты-жөнү Жакыпбек Акышев.
ЕККУ колдоосу менен Ошто элдик медиаторлор түйүнү түзүлдү.
Ош шаарында мечиттерде түнөп калууга тыюу салынышын казыят коопсуздук менен байланыштырууда.
“Фергана өрөөнүндөгү чек арасыз юристтер” коомдук уюму чек арадан ары-бери каттоодо жаңжалдар күч алып баратканын эскертүүдө.
Оштун Кара-Суу районунда 9 миңден ашык гектар жана Араван районунда 5 миңге чукул гектар пахта талаасын курт басып кеткени маалымдалды.
Ошто шаар мери Мелис Мырзакматовдун Ош коогалаңы тууралуу «Мен издеген чындык» аттуу китебинин бет ачаары өттү.
Кара-Суунун Жаңы-Чек айылында өзбек улутундагылар жашаган көчөгө былтыр июнда каза тапкан Калыбек Макеевдин ысымын беришти.
Ошто июнь коогасы боюнча 1 миллион сом алдап алган аял кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Дагы жүктөңүз