"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Ош шаарынын чет жакасындагы Кызыл-Кыштак жана Ишкеван айылдарындагы жер үлүштөрдү басып алгандар менен облус башчысы С.Жээнбеков жолукту.
Оштун чет жакасындагы айдоо аянттарын ээлеп алууну көздөгөндөр эми шаардын борбордук аянтында митинг уюштуруу чечимине келишти.
Ош шаарына жакын Кызыл-Кыштак жана Ишкеван айылдарынын жанына чогулгандар айдоо аянттарын ээлеп алуу аракетин жасашууда.
Кыргыз эли башка элдерден өзүнүн салты менен айырмаланып турат. Ошолордун бири – той, мааракелерге себет алып баруу.
Мурдагы Ош кыргыз-өзбек университети, азыркы Ош мамлекеттик социалдык университетине быйыл Өзбекстандан абитуриенттер салыштырмалуу өтө аз келди.
Өлкөдөгү акыркы окуялардан кийин кыргыз-өзбек чек ара бекеттери жабылып, Кара-Суу базарына коңшу өлкөдөн кардарлар келбей калган.
Ош шаарында жана анын жанындагы этникалык кагылыш болгон айылдарда шайлоо күчөгөн тартиптин шартында өттү. Майда-барат мыйзам бузуулар катталды.
Июндагы коогалаңдан улам Ошко келген туристтердин саны кескин азайды. Мунун айынан Ош шаарынын бюджети миллион сомго чукул каражаттан кур калды.
Бажы союзу койгон бөгөттөр "Дордой" базарындагы, Өзбекстан менен чек аранын жабылышы "Кара-Суу" базарындагы дүң сооданын көлөмүн кыйла азайтты.
Парламенттик шайлоо жакындаган сайын Оштогу шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү өздөрүнүн коопсуздугунан кабатырланышууда. Мурдагы шайлоолордо ар бир участкада 2ден милиция коргоого алган болсо, эми алар 5-6дан сакчы берүүсүн тартип коргоо органдарынан суранууда.
Жаңы окуу жылынын башталышы менен Оштогу мектептерде 344 миң китеп жетишсиз экендиги айтылууда. Айрыкча окутуу орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер окуу куралдары менен 40% гана камсыз болгон. Ошол себептүү алар Орусия, Өзбекстандан келген окуу китептери менен сабак өтүшүүдө.
Оштогу мектептерде окуучулардын сабакка катышуусу былтыркыга салыштырмалуу 8 пайызга төмөндөгөн. 2009-2010-окуу жылы шаардагы мектептерге жалпы 50 миңге чукул окуучу келген болсо, сентябрдан баштап 41 миң гана окуучу сабакка катышууда. Мектеп жетекчилери мунун себебин июнь айындагы коогалаңдан кийин кооптонгон ата-энелер балдарын башка жактарга которуп жибергендиги менен түшүндүрүшүүдө.
Бийлик парламенттик шайлоонун алдында студенттерди саясий оюндардан алыс кармоо максатында түштүктөгү жогорку окуу жайларында окуунун башталышын 18-октябрга жылдырганына карабастан учурда студенттер шайлоо өнөктүгүнө активдүү катышып жатканы байкалат.
Оштогу айрым бейөкмөт уюмдар жакында боло турган парламенттик шайлоодо диний уюмдардар тарабынан кооптонуу бар экендигин айтышууда. Бул аралыкта айрым диний эстремисттик уюмдар шайлоого катышпоого чакырган баракчаларды таркатып жатканын жергиликтүү укук коргоо органдары билдирүүдө.
Оштогу коогалаң учурунда талкаланган өзбек кварталдарынын жашоочулары тилек айтып, бата тартып Орозо айт майрамын чатырларда белгилешти. Анын ичинде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылынын тургундары да бар. Алар мусулмандар үчүн ыйык эсептелген Орозо айт майрамын быйыл башка жылдарга салыштырмалуу шаан-шөөкөтсүз тосушту.
Июндагы коогалаңда өрттөнүп кеткен Кара-Суунун Шарк айылындагы Толстой атындагы мектептин окуучулары билим күнүн чатырларда тосту. Деген менен шарктык ата-энелер балдарын чатырда окутуудан кооптонушууда.
1-сентябрга саналуу күндөр калды. Ушул күндөрү Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда ата-энелер менен мугалимдер мектепке кызуу даярдык көрүп жаткан чагы. Бул күнү мектепке баруу үчүн ким канча сарптайт?
Июндагы коогалаңда өрттөнүп кеткен Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылындагы Толстой орто мектебинин окуучулары үчүн аталган мектептин жанында эски автобазага 12 чатыр курулуп жаткан. Бирок учурда кыргыз айылдарынын тургундары ал жерге чатырларды тигип, мектеп кылууга каршы чыгышууда. Каршы чыккандардын айтымында чатырлар тигилип жаткан жер кыргыз айылдарына жакын жайгашкандыктан, эки улуттун балдарынын ортосунда уруш чыгып кетиши ыктымал.
Билим берүү жана илим министри Канат Садыков мектептерде коопсуздукту камсыз кылууга мамлекеттик жана эл аралык уюмдар жетиштүү чараларды көрүп жатканын жана анын ичинде Ош шаарында дагы 1-сентябрда кадимкидей окуу башталаарын билдирди. Коомчулукту ушак-айыңдарга ишенбей, мектепти колдоо иштерине активдүү катышууга чакырды.
Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров Ош шаарында борбордук аянтта чогулгандардын алдында Мелисбек Мырзакматовдун мэр кызматында кала берерин жарыя кылды. Ошто эки күндөн бери шаар башчысы кызматынан алынары тууралуу кабар тарап, ошол себептүү мэрдин миңдеген жактоочулары каршылык акциясын өткөрүп жатышкан.
Дагы жүктөңүз