Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:31
Киевдин тургундары соңку чабуулдан кийин, 7-сентябрь, 2025-жыл
Киевдин тургундары соңку чабуулдан кийин, 7-сентябрь, 2025-жыл

Трамп Орусияга каршы санкцияны күчөтүүнү, Путин менен дагы сүйлөшүүнү убада кылды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

15:56 27.4.2025

Жекшембиге караган түнү Украинага 149 орусиялык дрон чабуул койгонун украин куралдуу күчтөрү кабарлады. Алардын 57си атып түшүрүлгөн жана 67и көздөгөн жерине түшкөн эмес. Аткылоодон Житомир, Днепропетровск, Одесса, Донецк, Сумы жана Черкассы облустары зыян тарткан.

Днепропетровск облусундагы Павлоград шаарында бир киши каза болуп, дагы 14 жаштагы кыз жараат алды. Эки көп кабаттуу үй жабыркап, биринен өрт чыккан. Павлоград районуна атылган дрон айыл чарба ишканасына тийген. “Жалпы 500 баш мал кырылды”, - деп билдирди Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы.

Житомир облусунда кеминде 15 турак үй, өндүрүштүк имарат жана төрт автоунаа зыян тарткан. "Орусиялыктар дагы бир жолу куткаруу иштеринин жүрүшүндө кайрадан сокку урушту. Бул жолу мындай соккудан Улуттук полициянын эки кызматкери жабыркады, аларга жардам көрсөтүлүүдө", - деди облустук администрациянын башчысы Виталий Бунечко.

Одесса районунда дрон чабуулунан бир киши жараат алып, аны ооруканага жаткырышканын облустук прокуратура билдирди. Үч кабаттуу үй жана бир нече автоунаа зыян тартты.

Харьков облусунун Купянск шаарында куткаруучулар набыт болгон кишинин сөөгүн уранды астынан алып чыгышты. Орус күчтөрү 26-апрелдин кечинде урган соккудан турак үй урап, дагы жети үй зыян тартканын Өзгөчө кырдаалдар кызматы маалымдады.

13:25 26.4.2025

25-апрелде Reuters агенттиги Вашингтондун сунушунун текстин жарыялады. Басылманын маалыматына караганда, Парижде өткөн 17-апрелдеги жолугушууда Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Европа өлкөлөрүнүн делегаттарын документ менен тааныштырган. Reuters документтеги текст эч өзгөртүүсүз жарыялаганын жазды. Расмий тараптар басылма жарыялаган макала тууралуу комментарий бере элек.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары булактарына таянып, документтеги айрым сунуштар тууралуу жазышкан.

Документте Украина “Европа мамлекеттери жана башка өлкөлөрдөн” коопсуздук кепилдигин алары, НАТОго кирүүдөн баш тартышы керектиги, бирок Евробиримдикке кирүүгө аракет көрсө болору камтылган.

Ошондой эле Кошмо Штаттар аннексияланган Крымда Орусиянын көзөмөлүн тааный турганы, Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарын тааныбай турганы жазылган. Орус аскерлери Харьковдон аскерлерин чыгарып кетиши керектиги айтылат.

Запорожье АЭСи Украинанын көзөмөлүндө болушу керектиги, бирок аны АКШ көзөмөлдөй турганы жазылган.

Документте ошондой эле Орусияга каршы санкциялар алынып, Украинага толук калыбына келтирүү иштерине каражат жана акчалай кенемте алуусуна шарт түзүлүшү керектиги көрсөтүлгөн.

22-апрелде украин президенти Владимир Зеленский Киев Орусиянын Крымга ээлигин тааныбай турганын билдирген. Анын айтымында, Орусия аннексиялап алган Крымдын жана башка аймактардын макамын талкуулоо согуштун узарышына алып келет.

АКШ президенти Дональд Трамп Зеленскийдин билдирүүсүнө жооп кайтарып, аны согушту аяктоо үчүн Орусия менен сүйлөшүүгө "тоскоолдук кылып жатат" деп айыптаган.

Кийин Трамп Орусиянын Киевге чабуулу үчүн Путинди сындап чыккан.

12:07 25.4.2025

Орусиянын Киевге соккусунун курмандыктары көбөйүп, акыркы маалымат боюнча 12 кишиге жетти.

Куткаруучулар Святошинск районунда уранды алдынан эки кишинин сөөгүн чыгарышканын Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко Телеграмга жазды.

Андан мурда Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы ушул эле райондо уранды алдынан 27 жаштагы кыздын сөөгү табылганын маалымдаган.

Буга чейин соккуда тогуз киши өлгөнү айтылган. Украин бийлигинин маалыматына караганда, жараат алгандар 90 кишиге жетти.

Бейшембиге оогон түнү Киев дрон жана ракеталардын жапырт чабуулуна кабылган. 25-апрель - украин баш калаасында аза күтүү күнү деп жарыяланды.

12:04 25.4.2025

24-апрелде орусиялык маалымат каражаттары Ош шаарында жалданмачылыкка айыпталып кармалган төрт адамдын бири орусиялык Виктор Васильев экенин жазды. Орусиялык медиа аны "эксперт", "саясат таануучу" жана "африканист" катары сыпаттап жатат.

"Регнум" маалымат агенттигинин башкы редактору Марина Ахмедова Телеграмга Васильев алардын Африка жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперти экенин жарыялады.

"Ал ( Виктор Васильев) жазган макалалары аймактагы айрым күчтөрдүн нааразычылыгын жаратып жатат деп кооптонуп жүрдү. Менимче "мончо окуясы" үчүн өч алуу максатында кыргыз бийлиги катардагы орусиялыктарды эмес, буга чейин көңүл борборунда болгондорду кармады".

"Свобода" радиосу менен "Настоящее время" каналынын "Система" долбоорунуннин, The Insider, "Досье" буга чейинки биргелешкен иликтөөсүндө Васильевдин ысымы аталган. Иликтөөдө ал улутчулдук көз карашты карманганы жана фамилиясы мурда Луковенко болгону, ынды студенттин өлүмүнө айыпталып соттолгону, "Вагнердин" башчысы, маркум Евгений Пригожин менен жакын мамиледе болгону, Орусиянын чалгыны менен да байланышы болушу мүмкүндүгү айтылган.

14-апрелде Ош шаарында жалданмачылыкка айыпталып кармалган төрт адамга "кыргызстандыктарды Украинадагы согушка азгырышкан" деген айып коюлган. Алардын арасында "Орус үйү" уюмунун кызматкери Наталья Секерина, Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Сергей Лапушкин бар экени белгилүү болгон. Дагы эки кишинин ысымы айтылбай жаткан.

“Россотрудничествонун” башчысы Евгений Примаковдун муну чагым катары атап, Наталья Секеринаны бошотуп алабыз деп айтканы талкуу жараткан.

УКМК маалымат бере элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG