Америка Кошмо Штаттарынын Каржы министрлиги АКШ менен Украина 30-апрелде минералдык ресурстар боюнча келишимге кол коюшканын жарыялады.
АКШнын каржы министри Скотт Бессент муну президент Дональд Трамптын талыкпаган аракети менен жетишилген тарыхый келишим десе, Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгаль Калыбына келтирүү боюнча инвестициялык фонд 50/50 пайыз деген негизде түзүлүп жатканын жана “эки тарап тең добуш берүү укугуна ээ” деп билдирди. Ошондой эле Украина “жер казынасын, инфраструктурасын жана жаратылыш ресурстарын толук көзөмөлдөйт” деди.
Денис Шмыгалдын маалыматы боюнча, келишимде Украина тараптан эч кандай карыздык милдеттенмелер каралган эмес. Андан тышкары келишим Украинанын Евробиримдикке кошулуусуна тоскоол болбойт.
Март айында АКШ сунуш кылган келишимдин долбооруна украин тарап каршы пикир билдирген. Келишимдин алгачкы версиясына февраль айында кол коюлмак. Бул үчүн Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтонго атайын барган. Бирок Ак үйдө эки президент кайым айтыша кетип, макулдашууга кол коюлбай калган.
Дональд Трамп бул келишим АКШнын акыркы үч жылда Украинага берген жардамын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн түзөрүн жана ал өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болорун айтып келет.
Орусиянын Коргоо министрлиги 30-апрелге оогон түнү өлкө аймагында 34 учкучсуз учак атып түшүрүлдү деген маалымат таратты.
"15и Курск, сегизи Брянск, жетөө Орлов, үчөө Владимир, бирөө Белгород облусунда атып түшүрүлдү", - деп жазылган маалыматта.
Орус тарап Курск облусунда дрон чабуулунда үч киши жараат алганын, имараттарга зыян келтирилип, өнөр жай ишканасында өрт чыкканын билдирди.
30-апрелге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын Днепр жана Харьков облустарына дрондор менен жапырт сокку урду.
Днепрде жер тамдар талкаланып, бир киши каза тапканы кабарланды.
Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов аймакка орус армиясы 16 дрон менен чабуул койгонун билдирди.
40тан ашуун киши ар кандай жараат алды. Көп кабаттуу үйлөр жана жер тамдар, медициналык мекемелер, жарандык инфраструктурага зыян келтирилгени белгилүү болду.