Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51
Чабуулдан кийин, Украина.
Чабуулдан кийин, Украина.

Түз ободо Украинада төрт киши жабыркады, Орусияда аэропорттор ишин токтотту

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

14:23 29.8.2025

2025-жылдын августуна карата Украинадагы согуштагы Орусиянын жоготуулары 219 миңге жакындады.

Бул тууралуу "Медуза" жана "Медиазонанын" мурас иштери боюнча реестрди изилдегенден кийинки маалыматында айтылат.

"Би-би-си", "Медиазона" жана ыктыярчылардын ачык булактардын негизиндеги тизмесинде августтун аягына карата бул сан 125 681 кишини түзгөн болчу.

Бирок бул көрсөткүч бардык жоготууну камтыбашы мүмкүн, анткени өлгөндөрдүн баарынын эле тизмеси ачык жарыяланбайт.

Мурас иштери боюнча реестрди талдаган журналисттер жыл өткөн сайын орус армиясынын жоготуулары көбөйүп жатат деген тыянакка келишти.

2023-жылы согушта Орусиянын 50 миңдей аскери каза тапса, 2024-жылы 93 миңге жеткен.

10:13 29.8.2025

Орусиянын Украинанын башкалаасы Киевге 28-августтагы чабуулунда каза тапкандар 23кө жетти. Бул тууралуу Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко билдирди.

Буга чейин 19 киши каза тапканы кабарланган. Арасында төрт бала бар. 225 турак жайга зыян келтирилди.

Ордокалаанын Дарницк районундагы Бориспольск көчөсүндө кечинде соккудан кийин дээрлик толук талкаланып калган беш кабаттуу үйдүн урандыларын тазалоо иши уланды. Жергиликтүү бийлик уранды алдында дагы тогуздай киши калышы мүмкүн деп божомолдоду.

Украин тарап орус армиясы Киевге соккуда "Шахед" дрондорун жана ар кайсы ракеталарды, анын ичинде аэробаллистикалык Х-47М2 "Кинжалды" колдонду деп эсептейт.

Жалпысынан 28-августта Орусия Украинага каршы 600 дрон жана ракеталар менен сокку урду.

Орусиянын Коргоо министрлиги күнүмдүк маалыматында Киев тууралуу эч нерсе билдирген жок. Түнкү соккуларда "аскердик өндүрүш ишканалары жана авиабазалар бутага алынганын" маалымдады.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков, соккулар тууралуу комментарий берип жатып, Москва сүйлөшүү процессинин уланышына кызыкдар экенин, армиянын "аскердик инфраструктурага чабуул коюшунан эч кандай карама-каршылык көрбөй жатканын" айтты.

02:20 29.8.2025

Европа менен АКШнын лидерлери Орусиянын Украинадагы кандуу чабуулун айыпташты

Европа менен Кошмо Штаттардын лидерлери Орусиянын Украинадагы соңку ракета жана дрон чабуулдарын кескин айыпташты. Британия менен Европа Биримдиги орус дипломаттарын чакыртып, нааразычылыгын билдиришти.

28-августтун түнүндөгү чабуулдардан Киевде кеминде 19 кишинин өмүрү кыйылып, ондогон адамдар жаракат алды. Бул акыркы жумаларда украин баш калаасына багытталган эң ири чабуул болду.

Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен бул чабуулдарды айыптап, Еврошаркет жакынкы күндөрдө Орусияга каршы жаңы санкциялардын топтомун кабыл аларын билдирди. Кийинчерээк ал АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинадагы соңку чабуулдар тууралуу сүйлөшкөнүн социалдык тармактардагы барагына жазды.

АКШнын атайын өкүлү Кит Келлогг Орусиянын түнкү чабуулдары «аскерлерди же курал-жарактарды эмес» жайкын тургундардын турак жайларын бутага алганын айтты. Ал Орусиянын түнкү соккулары Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын тынчтык орнотуу аракеттерине көлөкөсүн түшүрүп жатканын белгиледи.

«Бул үрөй учурган чабуулдар [Трамп] көздөгөн тынчтыкка коркунуч туудурууда», — деп билдирди Келлогг.

Ак үйдүн басма сөз кызматы Кэролайн Левитт президент Трамп Украинадагы соңку окуяларга байланыштуу кабатырланып турганын, ал кийинчерээк кошумча билдирүү жасай турганын айтты.

Европа Биримдигинин башкы дипломаты Кая Каллас Киевдеги чабуулдан улам Еврошаркеттин жергиликтүү делегациясынын кеңселерине зыян келгенин белгилеп, Брюсселдеги орус элчисин чакырганын билдирди.

«Эч бир дипломатиялык өкүлчүлүк бутага алынбашы керек. Жооп катары биз Брюсселдеги орус элчисин чакырабыз», — деп жазды Каллас Х социалдык тармагында.

Британиянын премьер-министри Кир Стармер соккуларды «маңызсыз» деп атап, Орусиянын президенти Владимир Путинди тынчтык орнотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып жатат деп айыптады.

Орусиянын саясий жетекчилиги Украинанын бир нече аймактарын бутага алган бул чабуулдар тууралуу комментарий бере элек.

Соңку ракета жана дрон соккулары орус президенти Владимир Путин менен америка лидери Дональд Трамптын Украинадагы согушту токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөрүнөн дээрлик 2 апта өткөндөн кийин орун алып жатат.

21:22 28.8.2025
Киевге чабуул: 22 киши мерт болду, ондогон тургун жараат алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG