3-сентябрга караган түнү орус армиясы Украинага жапырт сокку урду. Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, Орусия жалпысынан 502 дрон жана ар кандай типтеги 23 ракета учурду. Үч ракета жана 69 дронду атып түшүрүүгө же кармоого мүмкүн болгон жок.
Бутага өлкөнүн чыгышы менен батышындагы бир нече аймактар алынды. Чернигов облустук аскердик администрациясынын башчысы Вячеслав Чаус чабуулдан жарандык маанилүү инфраструктуралык объектиге зыян келтиригенин кабарлады. Нижинск районунда 30 миңден ашуун үй электр энергиясыз калды.
Кировоград облусунда темир жол объектилерине сокку урулду. Төрт темир жолчу жабыркап, 20дан ашык поезд каттамы кармалды. Кировоград облусунун Знаменка шаарында соккулардан беш киши жараат алып, турак жайлар зыян тартты.
Киев облусунун Вышгород шаарында дрон калдыгы түшкөн үйдө өрт чыкты, жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган жок.
Львов, Хмельницкий жана Ивано-Франковск облустары, Волынск облусунун борбору Луцк шаары да аткыланды. Жергиликтүү бийлик калаада өнөр жай жана инфраструктуралык объектилер күйүп жатканын билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия кылганын моюну менен тартпай, жазасыз калып жаткандыктан, соккуларды күчөткөнүн айтып, өнөктөш өлкөлөрдү Москвага экономикалык кысым көрсөтүүгө үндөдү.
Түндүк Корея Орусияга кошумча 6000 аскер жиберүүнү пландап жатканын Түштүк Кореянын Yonhap маалымат агенттиги билдирди.
Маалымат өлкөнүн мыйзам чыгаруучулары үчун жабык брифингде Түштүк Кореянын чалгындоо кызматынын өкүлдөрүнүн отчет бергенде айтылган.
Бул Украинага каршы согушта орусиялык аскерлерди колдоо үчүн Орусияга жөнөтүлгөн Түндүк Корея аскерлеринин үчүнчү партиясы болот. Агенттик өткөн жылдан бери Түндүк Корея Орусияга жалпысынан 13 миңге жакын аскерин жибергени, алардын 2 миңдейи Орусиянын Курск аймагындагы салгылашууларда курман болгон деген чалгындын маалыматын эске салды.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 2-сентябрда Бээжинге барган. Ал жакта Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен биргелешкен иш-чараларга катышары айтылган.
Си, Ким жана Путин 3-сентябрда Кытайдын Элдик боштондук армиясынын Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 80 жылдыгына арналган парадга катышты.
“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова Украинанын үчүнчү даражадагы “Княгина Ольга” ордени менен сыйланды. Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, укук коргоочуга бул орден Киевде Украинанын эгемендик күнүнө карата ыйгарылган. Элчилик Исмаилованы сыйлыгы менен куттуктап, “Украинанын досу” деп атады.
Төлөкан Исмаилова Кыргызстандагы тажрыйбалуу укук коргоочулардын бири. Ал “Жарандар коррупцияга каршы”, “Бир дүйнө-Кыргызстан” уюмдарын жетектеп, өлкөдөгү адам укугу жаатында иш алпарып келет.
Орусия Украинага кол салгандан бери бул согушту сындап, Украинага колдоосун билдирип келет.
Орусиянын учкучсуз учактары Украинанын башкалаасы Киевге жана облуска чабуул коюшту.
Украинанын аскердик аба күчтөрү орусиялык учкучсуз учактардын чабуулу уланып жаткандыгын эскертти. Киевде аба чабуулу тууралуу айгай жарыяланды.
Киев шаарынын администрациясы абадан коргонуу күчтөрү чабуулдун мизин кайтарып жатканын кабарлап, жергиликтүү тургундарды баш калкалоочу жайлардан чыкпоого чакырды.
Жергиликтүү телеканалдар Киевде жардыруулардын үнү угулуп жатканын кабарлады.
Шейшембиге караган түнү Орусия Киев облусундагы Белая Церковь шаарына жапырт сокку уруп, андан калааны өрт чалды, бир адам каза болду.