БУУнун Коопсуздук кеңеши Орусиянын Польшанын аба мейкиндигин бузганын чукул жыйында караганы жатат. Варшава ал окуяны «агрессия» деп атады. Москва Польшадагы жайларды бутага албаганын айтууда. Айрым эксперттер Орусия альянстын биримдигин сынап жатат деп эсептешет.
Шаршембиде эртең менен Вырыки-Воля айылынын тургуну Томаш Весоловскийдин үйүнө учуучу аппараттын сыныгы кулап түшкөн.
Тагдырдын тамашасы – ал ошол маалда орусиялык дрондор Польшанын аба мейкиндигин бузганы тууралуу жаңылыктарды көрүп отурган.
“Телевизорду күйгүзсөм, дрондор учуп жүргөнүн айтып жатышыптыр. Бир нече саамдан кийин үстүбүздөн учактын учуп баратканы угулду. Тез ылдыйлагандай сезилип, моторунун добушу барган сайын катуу чыгып жатты. Бир заматта бир нерсе жарылгандай болду. Биринчи кабаттагы бөлмөдө люстра кулап түштү. Терезеден карай калдым, чатырдан темир-тезек учуп жатыптыр. Короого чуркап чыксам, чатыр урап, бүт талкаланыптыр”.
Тилекке жараша пенсионер жабыркаган жок. Бирок үйү жашоого жараксыз болуп калганын айтат.
Айылдын тургундары окуянын кайталанышынан чочулап, айрымдары атүгүл башка аймакка көчүп кетүүнү ойлонуп жатат.
Польшанын Ички иштер министрлиги маалыматын жаңылап, жети жерде 16 учкучуз учактын сыныктары табылганын билдирди. Ага чейин өлкөнүн аба мейкиндигин 19 дрон бузганы кабарланып келген.
Бейшембиде Польша өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн Беларус жана Украина менен чек ара аймагында 9-декабарга чейин аба кыймылын чектегени белгилүү болду.
Ушул эле күнү Польшанын премьер-министри Дональд Туск Ласк шаарындагы аскердик базага барганда учкучтардын ыкчам аракет көргөнүн кубаттады жана өлкө АКШдан тез арада жаңы учактарды алат деп үмүттөнөрүн кошумчалады:
"Америкалыктар өз мөөнөтүндө учактар менен камсыздайт деп ишенебиз. F-35 үлгүсүндөгү учактардын биринчи партиясы май айында келсе жакшы болмок. Польшанын асманы коопсуз болушу үчүн абадан коргонуу күчтөрүбүздүн кудурети ай, жыл сайын артат деп үмүтөнөбүз".
Бир күн мурда Туск орусиялык дрондор НАТОго мүчө мамлекеттин үстүнөн биринчи жолу атып түшүрүлгөнүн айтып, расмий Варшава альянстын калган өлкөлөрү менен кеңешме өткөргөн.
НАТО орусиялык дрондор Польшанын аба мейкиндигин атайылап бузду деп эсептейт, бирок аны чабуул катары сыпаттабайт деп маалымдалды.
Кабарларга караганда, учкучсуз учактарды атып түшүрүүгө польшалык, нидерланддык жана италиялык учактар катышты.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Путинди Украинадагы согуштун эскалациясын токтотууга чакырып, блок өз аймагынын ар бир карыш жерин коргоого даяр экенин эскертти.
Еврошаркеттин өлкөлөрү Польшанын аба мейкиндигин бузууну айыпташты.
АКШнын президенти Дональд Трамп ал окуяга реакциясын билдирип, Truth Social сайтына кыска пост жазды:
“Эмне себептен Орусия өз дрондору менен Польшанын аба мейкиндигин бузат? Мына ушундай!”.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын бир нече облусуна, Винница жана Львов шаарларындагы аскердик буталарга сокку урулганын, Польшадагы жайларга чабуул коюу планы болбогонун билдирген. Мекеме Польшанын тиешелүү министрлиги менен кеңешме өткөрүүгө даярдыгын айтты.
Анын артынан орус Тышкы иштер министрлиги Варшаванын "жүйөсүз айыптоолоруна карабай", абалга тактык киргизүү үчүн тараптардын консультациянын зарылдыгын белгиледи.
Украинанын президенти Владимир Зеленский европалык лидерлерди Орусиянын жоругуна катуу реакция билдирүүгө чакырган.
Айрым эксперттер жана саясатчылар НАТОнун аба мейкиндигин бузууну чагым деп аташса, башкалары муну менен Москва блоктун Польша жана
Балтика өлкөлөрүн коргоо чечкиндүүлүгүн сынап жатат, анын арты европалык бейпилдик күчтөрүн Украинага жайгаштыруу планына таасир этиши мүмкүн деп белгилешет.
Орусиянын армиясы 11-сентябрга караган түнү Сумыдагы окуу жайга сокку урганын Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, чабуулдун кесепетинен окуу жайдын имараты жарым-жартылай талкаланып, бир корпусунда өрт чыккан.
Соккудан автоунааларга зыян келтирилип, жакын жайгашкан көп кабаттуу турак жайлардын терезелери күбүлүп түшкөн.
Орусия соккулар тууралуу комментарий бере элек.
11-сентябрда күндүз Сумы облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Григоров Орусиянын дрону шаардагы улуттук маанидеги архитектуралык эстеликтердин бири болгон чиркөөгө тийгенин билдирди. Жабыркагандар бар-жогу такталууда.
НАТО орусиялык дрондор Польшанын аба мейкиндигин атайылап бузду деп эсептейт, бирок аны чабуул катары сыпаттабайт. Бул тууралуу Рейтер агенттиги альянстагы булагына таянып жазды. Маалыматка караганда, учкучсуз учактарды атып түшүрүүгө польшалык, нидерланддык жана италиялык учактар катышты.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Путинди Украинадагы согуштун эскалациясын токтотууга чакырып, блок өз аймагынын ар бир карыш жерин коргоого даяр экенин эскертти.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен шаркеттин Орусия менен чектешкен өлкөлөрүнө байкоо салуу үчүн Eastern Flank Watch программасы ишке киргизилерин билдирди.
Биримдиктин башкы дипломаты Кая Каллас Польшанын аба мейкиндигин бузууну айыптап, Украинага колдоо көрсөтүү, Европа коргонуу тармагына көбүрөөк инвестиция салууга тийиш экенин белгиледи.
Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан Польшанын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүүнү кабыл алынгыс аракет деп атады жана ал окуя тынчтык орнотуу зарылдыгын көргөздү деп билдирди.
Шаршембиде Польшанын куралдуу күчтөрүнүн ыкчам командачылыгы өлкөнүн аба мейкиндигин бузган учкучсуз учуучу аппараттарды жок кылышканын маалымдаган.
Билдирүүдө айтылгандай, Орусиянын Украина аймагына жасаган аба соккулары учурунда 19 “дрон сымал объектилер” өлкөнүн мейкиндигине кирип келген. Польшанын аскерлери бул объектилерди жок кылуу үчүн курал колдонгон. Маалыматка ылайык, Подляска, Мазовецк жана Люблинск аймактарынын жашоочуларына үйдөн чыкпай туруу зарыл экени эскертилген.
Рейтер агенттиги АКШнын Жарандык авиация башкармалыгына шилтеме кылып Польшанын төрт аба майданында, анын ичинде Варшавадагы Шопен аэропортунда иш убактылуу токтотулганын жазды.
Польшанын ички иштер министрлигинин өкүлү Каролина Галецкая жети дрондун жана бир ракетанын сыныктары жети айылда табылганын билдирди. Жергиликтүү медиа эч ким жабыркабаганын кабарлады.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын бир нече облусуна, Винница жана Львов шаарларындагы аскердик буталарга сокку урулганын, Польшадагы жайларга чабуул коюу планы болбогонун билдирди. Мекеме Польшанын тиешелүү министрлиги менен кеңешме өткөрүүгө даярдыгын айтты.
Украинанын аймагына жасалган аба соккулары учурунда Польшанын аба мейкиндиги бузулганы тууралуу маалыматтар буга чейин дагы чыккан. Бирок Польша абадан коргонуу күчтөрүн колдонгон алгачкы учур экенин Reuters жазды.
10-сентябрга караган түнү Украина Орусиянын кезектеги чабуулуна кабылганын, түрдүү типтеги 415 дрон жана 40тан ашуун канаттуу жана баллистикалык ракета менен сокку урулганын өлкө башчысы Владимир Зеленский билдирди.
Хмельницкий облусунда тигүү цехи бутага алынганы, жалпысынан 15 облус аткыланганы, Житомир облусунда адам өмүрү кыйылганы маалымдалды.
Украинага сокку урулуп жаткан чакта анын коңшусу Польшанын аймагына да орусиялык учкучсуз учактар кирип барганын кошумчалаган Зеленский Польша мүчө болгон НАТО аймагында Орусиянын бир эмес сегиз дрону учуп түшүрүлгөнүн кошумчалады жана муну "эскалация, Европа үчүн өтө кооптуу окуя" деп атады.
Орусия Украинаны дрон менен аткылап жатканда алардын айрымдары Польшанын аймагына чейин жетип, кээ бир жерлерине сыныктары түшүп калган окуялар буга чейин да болгон. Бирок бир нече учкучсуз учак кармалганы, Польша аларды атып түшүрүүгө абадан коргонуу күчтөрүн колдонууга мажбур болгону биринчи жолу катталууда.