Улуу Британиянын бийлиги Орусиянын Украинага каршы аскердик агрессиясына жооп катары санкция тизмесин кеңейтти.
Бул ирет Орусиянын "Русполимет" металлургия компаниясы, "Технодинамика" холдинги, Брянскидеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы химиялык заводу, Сарапулдагы радиозавод, "Анозит" химиялык өнөр жай ишканасы, "Реконд" жана "Элеконд" конденсатор заводдору, "Синвент" техникалык системалар институту, "Кубаттуу радиокуруу институту", "Редкин атындагы тажрыйба заводу", "Мезон" жана Мытищидеги курулуш жабдыктарын чыгарган заводдор тизмеге кирди.
Мындан тышкары Кытай, Индия, Түркия жана Тайланддын Орусия менен кызматташкан компанияларына да санкция салынды.
Ошондой эле кытайлык Shenzhen Blue Hat International Trade компаниясынын ээлери, орусиялык жарандар Алексей жана Елена Малицкая, Түркиянын Mastel Makina компаниясы менен байланышы болгон азери жараны Шанлик Шукуров да санкция тизмесинин катарын толуктады.
12-сентябрга оогон түнү Польша Беларус менен чек арасында бардык өткөрүү бекеттеринин ишин белгисиз мөөнөткө токтотту.
Өткөрүү пункттарынын алдында польшалык чек арачылар темир тосмо орнотуп, тикенек зым тартканын БелТА агенттиги кабарлады.
Буга чейин эки өткөрмө бекети - жүргүнчүлөр үчүн Брест, жүк ташуучу автоунаалар үчүн Козловичи бекеттери иштеп келген.
Чек араны жабуу чечими Орусия менен Беларустун биргелешкен "Запад-2025" аскердик машыгууларына байланыштуу.
Машыгуу 12-сентябрдан 16-сентябрга чейин Беларустун аймагында өтөт.
Поляк бийлиги чек араларды жабуу ниетин 9-сентябрда жарыялаган.
10-сентябрда 15тен ашуун орусиялык дрондор Польшанын аба мейкиндигин бузуп кирген. Поляк армиясы жана НАТОдогу өнөктөштөр истребителдерди абага көтөрүп, дрондор атып түшүрүлгөн.
Бул НАТОнун аймагында дрондор кулатылган биринчи учур. Латвиянын бийлиги бул окуялардан кийин орус-беларус чек ара зонасында аба мейкиндигин 11-сентябрдан 18-сентябрга чейин жапкан.
Орусиянын армиясы 11-сентябрдын кечинде жана 12-сентябрда эртең менен Украинанын Сумы облусуна сокку урду.
Сумы облустук администрациясынын башчысы Олег Григоровдун айтымында, дрон чабуулу Сумынын четиндеги өнөр жай зонасына болду. Уранды алдынан зонанын күзөтчүсүнүн сөөгү чыгарылды.
Дубандагы бир нече кыштак да аткылоого кабылып, айрымдарына үч ракета учурулган. Турак жайлар талкаланган, зыян келтирилген учурлар катталды. Бытица кыштагында эки кишинин өмүрү кыйылды.
Бейшембиде Сумынын бийлиги Орусиянын дрону шаардын чок ортосунда жайгашкан тарыхый соборго түшкөнүн билдирген. Автоунаага урулган соккуда 19 жашар кыз жараат алып, ооруканага түшкөн.
12-сентябрда Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын 200дөн ашуун дронун атып түшүргөнүн, Приморскидеги мунай портуна чабуулда кеме жана насос станциясында өрт чыкканын маалымдаган.
Украинанын дрон чабуулуна байланыштуу Орусиянын Псков, Иванов жана Ярославл аэропорттору убактылуу жабылды.
Бул тууралуу Росавиация билдирип, Санкт-Петербургдун Пулково аэропорту убактылуу ишин токтоткону тууралуу маалыматтарды ырастады.
Ал тапта Орусиянын Коргоо министрлиги 12-сентябрга караган түнү 221 украиналык дронду атып түшүргөнүн билдирди. Маалыматта камикадзе-дрондор Орусиянын 13 облусун бутага алганы жазылган.
Украина менен чектешкен Брянск облусунда 85, Смоленскиде 42, Ленинград облусунда 28 дрон кулатылган. Калгандары Калуга, Новгород, Орел, Москва, Белгород, Ростов, Твер, Псков, Тула жана Курск облустарынын үстүнөн атып түшүрүлгөн.
Приморск шаарында дрондор менен мунай портуна сокку урулуп, кеме жана насос станциясы күйүп кеткенин Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко кабарлады.
«Приморскиде насос станциясындагы өрт да өчүрүлдү. Жабыркагандар жок», — деп жазды ал Телеграм-каналына.
Приморск — Фин булуңундагы Орусиянын башкы мунай куюп ташыган порту. Ага Орусиянын Европа бөлүгүнүнүн түндүк тарабы жана Сибирдеги мунай аймактарынан келген куурлар туташкан.