Украина Орусиянын кезектеги соккусунан 8-октябрда эки жайкын тургунунан айрылганын жергиликтүү бийлик маалымдады. Херсон облусунун облустук администрациясынын башчысы Александр Прокудин Корабел районунда таңкы саат жети чамасында жасалган чабуулдан 62 жаштагы аял жана дагы бир эркек киши каза болгонун билдирди.
Мындан тышкары, анын айтымында, 55 жаштагы аял жараат алып, ооруканага түштү.
Днепр дарыясынын сол жээгин ээлеп турган орус аскерлери дээрлик күн сайын Херсон шаарына жана облус аймагына артиллерия, учак жана дрон менен сокку уруп келет.
Орусиянын Украина менен чектеш Белгород облусунда да 8-октябрда адамдар каза болгонун аймактын башчысы Вячеслав Гладков билдирди. Анын айтымында, ракеталык сокку урулду, үч кишинин өмүрү кыйылды, бир киши жараат алды, айрым имараттар зыян тартты. Бул үчүн ал украин тарапты айыптады.
Өткөн түнү орусиялык күчтөр Украинанын бир нече аймагындагы энергетикалык жана инфраструктуралык объектилерге дрон менен сокку урду. Чернигов облусундагы энергетикалык объект бутага алынып, Нежин районунун тургундары жарыксыз калды.
Ошол эле жерде Носовка – Нежин темир жол бөлүгүндө жүк ташуучу поездге да сокку урулуп, Нежин – Киев багытындагы темир жол жабыркаган. Мындан улам Нежин шаарына чейин жүргүнчү поезддердин кыймылы токтотулган.
Чернигов облусунун Прилуки шаарында дрондун соккусунан мунай базасында өрт чыкканын облус администрациясынын башчысы Вячеслав Чаус билдирди.
Соккулар Днепропетров облусуна, анын ичинде Кривой Рог шаарына жана анын чет жакаларына да урулган. Облус бийлигинин маалыматына караганда, кеминде беш адам жараат алган.
Украинанын аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, түн ичинде өлкө боюнча жалпысынан 183 дрон учурулган, алардын көбү атып түшүрүлгөн.
Шаршемби күнү таңга жуук орус аскерлери Херсонду аткылап, андан эки киши каза болгон. Орусиялык аскерлер бул соккулар боюнча азырынча комментарий бере элек.
Украинада 8-октябрга караган түнү Орусиянын соккусуна бир нече аймак кабылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.
Днепропетров облусунун Кривой Рог районунда, аскердик администрация билдиргендей, кеминде эки жергиликтүү тургун жараат алды, инфраструктура зыян тартып, өрт тутанды.
Никополь районунда үч киши жабыркады, ал жер, облус башчысынын айтымында, жапырт аткылоочу "Град" реактивдүү системасынан, артиллериядан аткыланды, FPV дрондору да колдонулду, үйлөр, машиналар жана имараттар талкаланып, өрттөндү.
Жалпысынан облус аймагында 29 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнгү маалымдалды.
Ал эми 7-октябрда, украин Башкы штабы күндү жыйынтыктаган кечки маалыматында билдиргендей, Орусия Украинага каршы 2229 согуштук дрон колдонду, бир ракеталык, 46 авиациялык сокку урулду.
Чабуулга кабылганын Орусия да билдирүүдө. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, 8-октябрга караган түнү Украина тараптан Белгород, Воронеж, Ростов, Брянск, Курск, Липецк, Тамбов, Смоленск жана Нижний Новгород аймактарына учурулган жалпысынан 53 согуштук дрон атып түшүрүлдү,
Нижний Новгороддо жана Ставрополдо дрон коркунучунан улам аба каттамдарына убактылуу чектөө киргизилгенин Росавиация кабарлады.
6-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Украинага Tomahawk ракеталарын берүү боюнча чечимин “дээрлик” кабыл алганын билдирди. Кабар агенттиктери анын колдонгон сөзүн “кайсы бир деңгээлде”, “болжолу менен”, “жалпысынан” дегендей которуп жатышат.
Кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып америкалык лидер Киев алыс аралыкка учуучу ракеталардын ал түрү менен камсыздалабы же жокпу, ачык айткан жок. Ошол эле маалда ал куралды кандай максатта колдонушарын билүүгө кызыкдар экенин белгиледи:
"Мен кайсы бир деңгээлде чечим кабыл алдым. Мен ал ракеталар менен эмне кылышарын билгим келет. Кайсы жактарга учурганы жатышат? Менимче, ушундай суроо коюшум керек", - деди Дональд Трамп.
Трамп эскалацияны каалабаганын белгилеп, согушту токтотуу чакырыктарын кайталады.
Вашингтондун буга чейинки маалыматына караганда, украин президенти Владимир Зеленский сентябрдын этегинде БУУда Трамп менен кездешкенде Tomahawk канаттуу ракеталарды сураган, бирок ал боюнча чечим кабыл алына элек болчу. Ракеталардын ал түрү 2 жарым миң километрге чейин учууга кудуреттүү. Башкача айтканда, украин аймагынан атылса Москвага жана Орусиянын батыш тарабындагы жерлерге жете алат.
Өткөн жумада орус президенти Владимир Путин АКШ Киевди Tomahawk ракеталары менен камсыздаса согуш майданындагы абал өзгөрбөй турганын, бирок анын арты жаңы эскалацияга, Москва менен Вашингтондун мамилелеринин чыңалуусуна алып келерин эскерткен.