Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:47
Запорожье. 16-сентябрь, 2025-жыл
Запорожье. 16-сентябрь, 2025-жыл

Запорожье, Харьков шаарларына сокку урулду, Украина Орусиянын мунай заводун бутага алды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

20:47 13.3.2022

Украинанын түштүгүндөгү Орусия басып алган шаарларында каршылык акциясы уланууда. Херсондо 13-мартта болгон акция орус күчтөрүнүн оккупациясынан берки эң чоң нааразылык болуп калды.

Оккупацияланган Бердянск шаарында да жапырт нааразылык акциясы өттү.

23:18 13.3.2022

13-мартта Орусиянын бир нече шаарларында Украинадагы согушка каршы митингдер өтүп жатат. Маалыматка ылайык саат 17:00гө карата 35 шаарда 620 киши кармалган.

Орусиянын борбору Москвада 280 киши, Санкт-Петербургда 136 киши, Екатеринбургда 64 киши кармалганы белгилүү.

Орусиянын ички иштер министрлиги кармалгандардын саны боюнча расмий маалымат бере элек.

23:19 13.3.2022

23:40 13.3.2022

Орусиялык күчтөр Украинанын түштүк-чыгышында жайгашкан Мариуполдо турак жайларды аткылоону улантууда.

Үйлөр талкаланып, кол салуудан курман болгон жергиликтүү тургундардын сөөктөрү көчөлөрдө жатканы кабарланды. Бул видеодо Мариуполдун тургуну Анастасия Ерашова аман калган баласын кармап отурат. Анын дагы бир чүрпөсү орус аскерлеринин аткылоосунда каза болгон.

(Эскертүү: видеонун мазмуну көрүүчүлөрдө тынчсыздануу жаратышы мүмкүн)

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG