Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.

Еврокомиссия Орусияга каршы кезектеги санкцияларын макулдашты

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

10:05 23.3.2022

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Орусиянын башчысы Владимир Путинге 22-мартта телефон чалып, кайрадан Украина маселесин талкуулады.

Ушуну менен Орусия Украинага басып киргенден бери эки президент сегизинчи жолу сүйлөштү.

Франция тарап атышууну токтотуу тууралуу орус президенти менен да, Украинанын башчысы Владимир Зеленский менен да узак сүйлөшүүлөр уланып жатканын, азырынча эч кандай макулдашуу жоктугун, бирок согушту токтотуу үчүн аракеттер улана берерин, андан башка жол жок экенин билдирди.

Кремль Украина боюнча орус жана украин өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшү тууралуу пикир алмашуу уланып жатканын маалымдады.

10:06 23.3.2022

АКШ президенти Жо Байден ушул аптада Брюсселде Кошмо Штаттардын европалык өнөктөштөрү менен жолугушууда Орусияга карата жаңы санкциялар жөнүндө жарыялайт. Бул тууралуу Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан 22-мартта журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, 24-мартта Орусияга каршы санкциялардын кошумча пакети гана эмес, аларды кыйгап өтүүгө жол бербөө чаралары тууралуу да маалымат берилет.

Байден Европа сапарында НАТО, G7 жана Европа кеңеши боюнча өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрүп, Орусиянын Украинада жүргүзүп жаткан согушуна каршы аракеттерди талкуулайт.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бери бул өлкөнүн 10 миллионго чукул жашоочусу үй-жайын таштап качууга мажбур болду, алардын 3,5 миллионго жакыны чет өлкөлөргө чыгып кетти

10:17 23.3.2022

Украинадагы согушта орус армиясынын катарында каза болуп, мекенине жеткирилген кеминде төрт тажик жаранынын экөөнүн сөөгү жерге берилгенин “Азаттыктын” тажик кызматы 22-мартта жазды.

Алар Хатлон жана Согд облустарында туулган 50 жаштагы Саидакбар Саидов жана 38 жаштагы Рамазон Муртазоев экени маалымдалды.

Маркумдардын жакындары алар тууралуу журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартышты.

Тажикстандын көптөгөн жарандары Орусияда эмгек миграциясында жүрүшөт, алардын айрымдары орус жарандыгына өткөн.

Орусия Украинага 24-февралда басып киргенден бери согуш токтой элек.

Орус жарандыгы бар кыргыз жигит, Ысык-Көлдүн бир кулуну да Украинадагы согушта курман болду. Анын сөөгү бүгүн 23-мартта туулган айылында жерге берилет.

10:32 23.3.2022

Жакынкы айларда Орусиядан 70-100 миң IT-адис чыгып кетиши ыктымал деген божомолун 22-мартта Baza басылмасы Орусиянын Электрондук коммуникациялар ассоциациясынын башчысы Сергей Плуготаренкого таянып жазып чыкты.

Макалада айтылгандай, буга чейин чыгып кеткендердин саны 50-70 миңдин тегерегинде болду.

Плуготаренконун пикиринде, авиа билеттер кымбаттабай, акча боюнча транзакция жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жоюлбаганда, Орусиядан кетип жаткан IT-адистер мындан да көп болмок.

24-февралда Орусия Украинада согуш баштагандан бери Бишкекте жана Ошто да орусиялык программисттер кескин көбөйдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG