Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.

Еврокомиссия Орусияга каршы кезектеги санкцияларын макулдашты

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

10:41 24.3.2022

АКШ президентинин Европа сапары башталды

АКШ президенти Жо Байден 23-мартта Европа сапарын баштады. Ал НАТО уюмундагы өнөктөш өлкөлөрдүн башчылары менен Орусиянын Украинадагы агрессиясына каршы мындан аркы кадамдарды талкуулай турганы маалымдалды.

Бүгүн 24-мартта Байден Бельгиянын борбору Брюсселде НАТОнун Украина боюнча чукул саммитинин ишине катышат.

Саммиттин катышуучуларына видео байланыш аркылуу украин президенти Владимир Зеленский кайрылуу жасайт.

Байден "Чоң жети" уюмунун жыйынына жана Европа биримдигинин саммитине да катышат.

25-мартта Кошмо Штаттардын президенти Польшанын борбору Варшавага барат. 26-мартта бул өлкөнүн жетекчилиги менен жолугуп, коңшу Украинага аскердик жана гуманитардык жардам берүү маселелерин талкуулайт.

11:36 24.3.2022

Кыргызстандын позициясы, Украинадагы журтташтар

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин бүгүн 24-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Өкмөттүн антикризистик чаралар боюнча жыйынында сүйлөп жатып Жапаров Украинадагы окуяларды согуш деп атап, Кыргызстан аны токтотуу үчүн колунан келген аракеттерди көрөрүн айтты:

“Ооба, бул маселе боюнча биздин өлкө азыр эки лагерге бөлүнүп турат. Жеке адамдар боюнча алып караганда, мындай тандоону түшүнсө болот. Себеби ар ким өзүнүн жеке симпатиясына жана дүйнө таанымына жараша кабылдоодо. Бирок мамлекеттик деңгээлде мындай мамиле абайлабагандык, жада калса жоопкерчиликсиз болот деп эсептейм. Биз - чакан өлкөбүз, бул дүйнөдө биздин позициядан көп нерсе деле көз каранды эмес. Бирок ойлонулбай жасалган ар бир кадам элибизге оор кесепет алып келиши мүмкүн. Бизге эки эл тең жакын. Биз боордоштор бири-бирин өлтүрүп жаткан бул согуш токтошуна колубуздан келген аракетибизди жасайбыз”.

Украинада согуш башталган 24-февралдан бери Тышкы иштер министрлиги жана элчиликтин көмөгү менен жалпысынан 718 кыргызстандык коопсуз аймактарга чыгарылды.

Элчи Идрис Кадыркуловдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, учурда Кыргызстандын 68 жараны Украинанын аймагында калууда. Айрымдары чыгуудан баш тартса, кээ бирлери чечим кабыл ала электигин айтты.

"Бул жакта калгандар Украинанын Киев, Харьков, Львов, Одесса, Ивано-Франковск шаарларында калууда. Алардын арасында украин жарандыгына ээ болгон үй-бүлө мүчөлөрү дагы бар. Мисалы, атасы же энеси кыргыз жараны, бирок уул-кыздары, түгөйлөрдүн бири украин жарандары болгон учурлар бар. Биз аларды дагы мекенге чыгарууга аракет кылып, сунуштарды айтып жатабыз. Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, аскерге чакырууга мөөнөтү келген 18ден 60 жашка чейинки эркек жарандарды өлкө аймагынан чыгарбай жаткан дагы жагдайлар бар. Эч кимге жашыруун эмес, Кыргызстандын жарандыгынан чыкпай туруп, Украинанын жарандыгын алгандар дагы көп", - деди элчи.

"Азаттыктын" "Армияга чакырылгандар арасында теги кыргызстандыктар барбы?" - деген суроосуна элчи:

"Чакырылгандар деле болсо керек. Бирок азыркы абалга карата Украинанын Тышкы иштер министрлиги жана Куралдуу күчтөрүнөн маалымат алуу абдан оор болуп жатат", - деп жооп берди.

11:46 24.3.2022

НАТОнун баасында Орусиянын согуштагы жоготуусу 30 миң адамга чамалады. Анын 7 миңден 15 миңге чейинкиси каза болгон.

30 миңден 40 миңге чейинки жоготуунун ичине каза болгондор, жарадарлар, дайынсыз жоголгондор жана аскер туткундары да кирет. Бул тууралуу Түндүк Атлантика алянсынын анонимдүү каалаган өкүлү брифинг учурунда журналисттерге айткан.

Украина буга чейин орус армиясынын жоготуусу 15 миңден ашып, анын ичинде алты генералы окко учканын кабарлаган. Орусия болсо жоготуулар тууралуу расмий маалыматта өлгөндөрдүн санын азайтып көрсөтүүдө.

14:23 24.3.2022

Орус аскерлери басып алган Бердянск шаарынын жашоочулары деңиз жээгиндеги портто жарылуу болгонун билдирди.

Украиналык булактар орус кемеси чөгүп кетип, дагы экөө түтөп жатканын кабарлады. Курал-жарак жана күйүүчү май сактаган кампа толугу менен жок кылынган. Украинанын куралдуу күчтөрүнө караштуу Аскер деңиз күчтөрү орусиялык "Орск" ири десанттык кемеси да талкаланганын кабарлады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG