Тогуз жыл мурда Орусиянын жарандыгын алган франциялык белгилүү актёр Жерар Депардье президент Владимир Путинди сындап чыкты. Бул тууралуу Le Figaro гезити жана Франс Пресс жаңылыктар агенттиги жазды.
"Владимир Путин сыяктуу лидерлердин акылдан адашкан жана кабыл алынгыс кылыктары үчүн орус эли жооптуу эмес", - деп айтты Депардье Франс Пресс агенттигине.
73 жаштагы Жерар Депардье 2013-жылы Франциядагы салыктардын жогору экенин сындагандан көп өтпөй орус жарандыгын алган. Ага жарандык берүү процедурасын тездетүү буйругун Путин өзү чыгарган.
Буга чейин актёр президент Путинди даңазалап сүйлөп, орус паспортун алгандан кийин Орусиядагы оппозицияны "программасы жок" деп сындаган.
2015-жылы Киев Жерар Депардьени кара тизмеге киргизген жана ага Украинага кирүүгө беш жылга тыюу салган. Буга Депардьенин Украинанын көз карандысыздыгын четке каккан билдирүүлөрү себеп болгон.
Украина Белгороддогу жардыруу үчүн жоопкерчилик албай турганын айтты
Украинанын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Александр Мотузяник: "Украина өз аймагындагы Орусиянын агрессиясынан өзүн коргоп жатат жана Орусиянын аймагында болуп жаткан окуялар үчүн жооп бербейт",-деди.
Белгороддо жума күнү эртең менен "Роснефть" компаниясына таандык мунай базасында өрт чыкты. Облустун губернатору Вячеслав Гладковдун айтымында, Украина тараптан эки тик учак жерге жапыз учуп келип, мунай базасына сокку урган.
Орусия Полтава жана Кременчукка ракеталык сокку урду
Полтава облустук аскер администрациясынын башчысы Дмитрий Лунин ишембиге караган түнү Полтава жана Кременчукка ракеталык сокку урганын кабарлады. Полтавада ракета соккусу инфраструктура объектисине тийсе, Кременчугда бир нече инфраструктура жана турак үйлөргө түшкөн. Жабырлануучулар тууралуу маалыматтар такталып жатат.
АКШ өнөктөштөрү менен Украинага советтик танктарды берүүнү сүйлөшүп жатат
АКШ администрациясы НАТОдогу өнөктөштөрү менен Украинага советтик өндүрүштөн чыккан танктарды берүүнү макулдашты. Бул тууралуу New York Times администрациядагы аткаминерге таянып билдирди.
Польшанын учурда Т-72 үлгүсүндөгү 500 танкы бар. Гезит танктарды берүү согуштун жаңы фазасына даярдык экенин жазды.
Аткаминердин айтымында, АКШнын ортомчу болушу Владимир Зеленскийдиндин аскердик техника сураганына жооп болушу мүмкүн.
"Эгер бизди НАТОго кабыл албаса, алянстын мүчөлөрү оор куралдар жагынан жардам берүүгө тийиш. Бизге учактарды, ракеталарды бергиле. Бизге колуңардагы F-18 жана F-19ду бере албасаңар, жок дегенде эски советтик учактарды бергиле. Өлкөнү сактап калууга жарактуу куралдын баарын бергиле", - деп айткан Fox News каналына Украинанын президенти Зеленский.