Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:32
Орусия. Башкырстан, Салават шаары. 24-сентябрь, 2025-жыл
Орусия. Башкырстан, Салават шаары. 24-сентябрь, 2025-жыл

Орусиянын Салават, Новороссийск шаарларына сокку урулду, каза тапкандар бар

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

09:05 8.4.2022

Дмитрий Песков: Биз оор жоготууга учурадык

Орусиянын президенти Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков​ Украинада чоң жоготууга учураганын Sky News каналына курган маегинде моюнга алды. Анткен менен Песков жоготуунун так санын айткан эмес.

25-мартта Орусиянын Коргоо министрлиги согушта 1351 орусиялык аскер каза таап, дагы 3825и жараат алганын билдирди. Кремл андан бери жоготуулары жөнүндө үн ката элек.

09:12 8.4.2022

Орусиянын жаңы авиасоккусу

Харьков облусундагы Барвенково шаарына жасалган авиасоккудан улам Славянск, Краматорск жана Лиманга карай эвакуациялык рейстер токтотулду. Бул тууралуу Украин темир жолунун башчысы Александр Камышин билдирди. Славянск жана Краматорскто үч эвакуациялык темир жол курамы бөгөттөлгөн.

09:16 8.4.2022

Молдованын парламенти георгий тасмасына, "Z" жана "V" символдоруна тыюу салды

Орусиялык аскерлер Украинада колдонгон символиканы демонстрация кылган адамдар 9000 лей, юридикалык жактар 18 000 лей айып төлөйт. Бул мыйзам долбоорун Молдованын парламентинде коммунисттер өткөрбөгөнгө аракет кылышты.

10:02 8.4.2022

Британиялык Pink Floyd рок-тобу 1994-жылдан бери биринчи жолу "Hey Hey Rise Up" аттуу ырын жазып, синглди сатуудан түшкөн акчанын баары Украинага гуманитардык жардамга жумшаларын жарыялады.

Композицияга буга чейин Киевдин аймактык коргонуусунун катарына кирген украиналык "Bумбокс" тобунун лидери Андрий Хлывнюктун вокалдары колдонулган. Pink Floyd синглдин аталышы Хлывнюктун аткаруусундагы ырдын саптарына тиешелүү: "Биз ошол кызыл калинаны көтөрөбүз! Биз Украинабызды даңктайбыз!".

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG