Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 9-апрелде күтүүсүз сапар менен Украинага барды.
Украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Жонсон, Лондон Киевдин коргонуусу үчүн 120 бронетехника жана кемеге каршы жаңы ракеталык система берерин айтты.
Жума күнү Британиянын премьер-министри Краматорск шаарындагы темир жол бекетин аткылоого жооп катары Украинага кошумча 100 миллион фунт стерлинг аскерий жардам жөнөтөрүн билдирген. Курал-жарактарды жеткирүүгө танкка каршы жана зениттик-ракеталык комплекстер, ошондой эле камикадзе дрондору кирет.
Эки өлкөнүн лидерлери Киевдин борборун кыдырып чыгышты.
"Президент Зеленскийдин ишенимдүү лидерлиги жана украин элинин табылгыс эрдиги менен каармандыгынын аркасында Путиндин коркунучтуу пландары ойрон боло баштады", - деген Жонсон.
Жонсондун Украинага сапары алдын ала жарыяланган эмес.
Орус күчтөрү 10-апрелдин таңында Украинанын Луганск жана Днепр аймактарына сокку урду. Андан бир нече турак жай талкаланганын Украинанын расмий өкүлдөрү билдиришти.
Днепр аймагында аткылоолордон бир киши жаракат алды. Луганскидеги Северодонецк шаарында мектеп жана көп кабаттуу үй аткыланды.
Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук 10-апрелге карата тогуз гуманитардык коридор макулдашылганын жарыялады.
Анын айтымында, жекшембиде төмөнкү гуманитардык коридорлор иштеши керек:
Мариуполь - Запорожье;
Бердянск, Токмак, Энергодар - Запорожье;
Северодонецк, Лисичанск, Попасная, Горное, Рубежное - Бахмут.
10-апрелде Украинанын түндүк-чыгышындагы Харьков облусунун Дергачи шаарын аткылоосунан эки адам каза болуп, бир нечеси жарадар болду. Бул тууралуу облус губернатору Олег Синегубов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, орусиялык күчтөр бир нече аймактарда 66 жолу артиллериялык чабуул жасап, анын арты карапайым калктын арасындагы курмандыкка алып келди.
"Орус армиясы карапайым калк менен салгылашуусун улантууда, анткени ал фронтто жеңе албайт", - деп кошумчалады Синегубов.
Буга чейин украин бийлиги орус аскерлери Днепропетровск жана Луганск облустарын снаряддар менен аткылап, бир нече имараттарды талкалап, өрт чыкканын билдирген.
Луганск аймагындагы Северодонецк шаарында мектеп жана көп кабаттуу үй аткыланганын провинциянын губернатору Сергей Гайдай Telegram баракчасына жазды.