Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

Улуттар уюмунун эксперттери Газаны ачарчылык каптаганын эскертүүдө


Газа тилкесинин жашоочулары күн сайын тыштан тамак-аш жардамын алууга муктаж.
Газа тилкесинин жашоочулары күн сайын тыштан тамак-аш жардамын алууга муктаж.

БУУ демөөрлөгөн The Integrated Food Security Phase Classification (IPC) уюму Газа тилкесинин далай бөлүгүн адамдын колу менен уюшулган ачарчылык каптаганын билдирди. "Бул ачарчылык адамдар тарабынан уюшулгандыктан аны токтотуу, кайра тартуу мүмкүн. Талкуулап, же күмөн саноого азыр кеч болуп калды, ачарчылык кеңири жайыла электе токтотулушу керек", - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Эки жылга чукулдап бараткан согуш маалында Израил айрым учурларда Газада жашаган палестиндерге жардам жеткирүү, таратуу ишин чектеп, бут тосуп келди.

Израил бийлигинин өкүлдөрү Улуттар уюму колдогон мекеменин билдирүүсүн четке кагып, "Хамас тараткан жалган, бир тараптуу маалыматка" ишенбөөгө үндөштү.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху бейшембиде Газа секторун толугу менен басып алуу операциясы жакын арада башталышы мүмкүн деп кыйыткан. Жөөт премьери токтоосуз сүйлөшүү баштап, барымтага алынгандардын баары бошотулушун талап кылган. Эксперттердин эсебинде, Израилдин бийлиги Батышта террордук уюм деп таанылган Хамас уюмунун бешиги деп эсептеген Газа шаарын басып алыш үчүн Израил аймакка 60 миңден 80 миңге чейинки аскерин киргизиши мүмкүн.

Бул план Израилдин өзүндө, Палестина аймагында, эл аралык коомчулук арасында кескин айыптоого туш болгон. Улуттар уюмунун башкы катчысы Антонио Гутерреш "ок атууну создуктурбай токтотууга, антпесе Израил армиясынын жаңы операциясы жапырт өлүм жана кыйроого алып келээрин" эскертүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG