Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Токаевдин сапары: кыргыз-казак алакасы кыр ашуудабы?

Жаңыланды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке расмий сапар менен келди.

Коңшу өлкөнүн мамлекет башчысын “Манас” аэропортунан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды. Эки күнгө созулган сапар учурунда кыргыз-казак алакасын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр өтөт.

22-августта президент Садыр Жапаров Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен тар курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мунун алдында “Ынтымак ордодо” эки өлкөнүн президенттеринин расмий жолугушуу аземи өткөн.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы тар курамда сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланганын билдирди.

Касым-Жомарт Токаев “Кыргызстан менен Казакстан өз ара сый-урматка негизделген бардык деңгээлдеги саясий диалогду чыңдап, мамлекеттер, парламенттер жана өкмөттөр аралык кеңештер ийгиликтүү иштеп жатканын” айтты:

"Бул расмий сапарымдын максаты – казак-кыргыз байланышын күчөтүп, өз ара ынтымакты күчөтүү. Бир тууган кыргыз элине, чакырганы үчүн Садыр Жапаровго алкыш айтам. Биз жогорку саясий диалогдун аркасында эки элдин алакасын жаңы деңгээлге көтөрөбүз, мен буга ишенем. Биздин калктар бири-бирине көмөкчү болгон. Азыр эки калктын ортосундагы карым-катнаш оз ара ишеним жана сыйга негизделген".

Кыргыз-казак алакасы: экономика

Мамлекеттер аралык жогорку жыйындын ачылышында Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев эки тараптуу соода-сатыктын көлөмү 2 млрд АКШ долларына жеткенин айтты:

"Кыргызстандын Казакстандын аймактагы башкы стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири. Бул көрсөткүчтү эселеп көбөтүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Инвестициялык ынтымакташтык жылдан жылга жакшырып барат. Анын аркасында түрдүү биргелешкен келишимдер ишке ашты. Маданий-гуманитардык байланыштарыбыз да күчөп келатат”, - деди Токаев.

Казакстан Бишкектин соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн арасында Кытай менен Орусиядан кийинки үчүнчү орунда турат. 2023-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млрд 318 млн доллар болгон. Анын 35% экспорт жана 65% импорт. Эки өлкө ортосундагы соода алаканын негизин азык-түлүк өнүмдөрү, курулуш материалдары, отун жана мунай, жер семирткичтер, металл буюмдар жана баалуу рудалар түзөт.

Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекке сапары. Сүрөттөр президенттин сайтынан алынды.

Ошентсе да, Кыргызстан менен Казакстандын экономикалык алакасында узактан бери чечилбей, барган сайын курчуп келаткан көйгөй бар. Кыргызстандын эл аралык соода алакасында, өзгөчө Евразия экономикалык биримдигинин алкагында эң олуттуу тоскоолдуктардын бири - кыргыз-казак чек арасы.

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын чакырымдарга созулган узун кезек тыгыны байма-бай болуп турат. Ишкерлер менен эксперттер коомчулугу Казакстан кыргыз товарлары үчүн жасалма тоскоолдуктарды жаратып, саясий кызыкчылыктан улам өз үстөмдүгүн атайын көрсөтүп келет деп эсептешет.

2017-жылы Кыргызстан чек арадагы тоскоолдуктары үчүн казак өкмөтүн Евразиялык сотко берген. Сот четке кагып койгондон кийин, Дүйнөлүк соода уюмунун сотуна кайрылган. Тартылган зыяндын көлөмү 75 млн доллар деп бааланган. Соттук териштирүүлөр эки жыл уланып, соода уюмунда Казакстандын аброюна бир кыйла таасир кылган. Бирок эки өлкөнүн президенттери жолугуп, сүйлөшкөндөн кийин кыргыз тарап белгисиз себептер менен доо арызын кайтарып алган.

Кыргыз-казак алакасы: экология жана суу

Кыргызстан менен Казакстан суу-энергетикалык тармагында да бир кыйла тыгыз кызматташат. Нарындан чыгып, Орто-Токой суу сактагычы аркылуу чек арадан ары аккан Чүй дарыясынын 48% Казакстанга, 52% Кыргызстанга таандык деп эсептелет. Эки тараптуу келишимдерге ылайык, сугат мезгилинде 80% чейинки бөлүгүн Кыргызстан колдонот. Таластагы Киров суу сактагычынын суусунун 30% кыргыз тарап алса, калганын казак дыйкандары алат. Суусун чогуу пайдаланганы үчүн Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарынын техникалык оңдоо иштерине казак бюджетинен да каражат берилип турат.

Таластагы Киров суу сактагычында топтолгон суу Казакстандын талааларын сугаруу үчүн жумшалат.
Таластагы Киров суу сактагычында топтолгон суу Казакстандын талааларын сугаруу үчүн жумшалат.

Нарын дарыясы Өзбекстанга киргенден кийин эки чоң агымга бөлүнүп, бирөө “Достук” каналы аркылуу Казакстандын Мактаарал районуна кетет. Экинчи чоң бөлүгү Тажикстан, Өзбекстан аркылуу Казакстандын Кызыл-Ордо аймагын аралап Арал деңизине барат.

Эсептөөлөр боюнча Кыргызстан өзүнөн чыккан суу ресурстарынын 2% гана пайдаланып, калганы бүт кошуна мамлекеттерге агып кетет. Ал жакта суу сактагычтарды башаламан куруп, дыйканчылыкка буруп кетип жаткандыктан, Арал деңизине чейин жетпей калууда.

Кыргыз-казак алакасы: маданият

Касым-Жомарт Токаевдин сапарынын алкагында Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу, Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалы ачылары кабарланган.

Эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда Бишкектин "Ынтымак" паркында “Достуктун алтын көпүрөсү” монументи расмий ачылары белгилүү болду.

Иш-чаранын урматына 21-августта Бишкекте “Чокон Валиханов: Тарыхтын жарык жылдызы” аттуу даректүү тасманын бет ачары өттү. Ага эки өлкөнүн бир катар расмий жана маданий өкүлдөрү катышканы кабарланды. Тасманы "Манас" улуттук академиясы, Назира Аалы кызы, Нуриза Чынтемирова тарткан. Башкы ролду актер Эрлан Бекчоро уулу ойногон.

Буга чейин жаз айларында Астананын негизги көчөлөрүнүн биринде “Айкөл Манастын” эстелиги тургузулган. "Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки жактуу мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Садыр Жапаров Казакстандын I даражадагы “Достык” ордени менен сыйланган. Казакстандын бир катар коомдук жана чыгармачыл ишмерлерине кыргыз өкмөтүнүн сыйлыктары ыйгарылган.

Быйыл апрель айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Астанага расмий сапар менен барган. Анда казак президенти Касым-Жомарт Токаев эки өлкөнүн саясий мамилеси чыңдалып, соода-экономикалык алакасы өсүп жатканын белгилеген.

Делегациялардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында “Союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө” келишимге кол коюлган.

Мындан тышкары, Мамлекеттер аралык кеңештин чечими, “Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” протокол, “Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө” макулдашуу, Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында "Автоунаа өткөрүү пункттарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-чаралар планы (Жол картасы)", Кыргызстандын Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги менен Казакстандын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум, ошондой эле Кыргызстандын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Казакстандын Өнөр жай жана курулуш министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган.

1997-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда “Түбөлүк достук” келишими, андан кийин 2003-жылы “Союздаштык мамилелер жөнүндө” келишим түзүлгөн. Эгемендик алган 30 жылдан ашуун маалда 180ден ашуун мамлекеттер, өкмөттөр жана мекемелер аралык документтерге кол коюлган.

Эки өлкө тең Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ), Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) өңдүү эл аралык альянстарга мүчө.

Шерине

XS
SM
MD
LG