Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Украина: Константиновкада Орусиянын чабуулунан тогуз адам каза болду


Донецк облусундагы Константиновка айылы Орусиянын аба соккуларынан кийин. 25-август, 2025-жыл.
Донецк облусундагы Константиновка айылы Орусиянын аба соккуларынан кийин. 25-август, 2025-жыл.

3-сентябрда Украинанын Донецк облусундагы Константиновка шаарында орус аскерлеринин аткылоосунан тогуз киши каза таап, жети адам жараат алды. Бул тууралуу облус башчысы Вадим Филашкин билдирди. Маалыматка караганда, эртең менен орус армиясы шаарды артиллерия менен аткылап, 44 жана 74 жаштардагы сегиз киши каза болду, алтоо жараат алды. Көп кабаттуу эки үй, жер там, дүкөн, соодо борбору жана беш соода күркөсү зыян тартты.

Мындан сырткары бир күндүн ичинде орус аскерлери FPV-дрондору менен жайкын тургундардын унааларына сокку урган. Андан 36 жаштагы аял каза болуп, бирөө жараат алды.

Филашкин жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга чыгып кетүүгө үндөдү.

Орусия соңку чабуулдар боюнча комментарий бере элек.

Москва далилдерге карабастан Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына чабуул жасап, социалдык объектилерин талкалап жатканын четке кагып келет.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын "аскердик кылмышы" катары санайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG