Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Лиссабондо фуникулер рельстен чыгып кетип, кеминде 15 киши набыт болду


Португалия. Лиссабондогу фуникулер кырсыктан кийин
Португалия. Лиссабондогу фуникулер кырсыктан кийин

Португалиянын борбору Лиссабон шаарында туристтер арасында белгилүү болгон «Глория» фуникулеру рельстен чыгып кеткенде акыркы маалыматтар боюнча кеминде 15 киши каза тапты, 18и жаракат алды.

«Бул өтө чоң кайгы, Лиссабон аза күтүп жатат. Биздин шаарда мындай окуя боло элек болчу», — деди Лиссабондун мэри Карлуш Муэдаш.

Би-би-си жазгандай, Португалиянын чукул медициналык жардам кызматы жаракат алган беш киши оор абалда ооруканага жаткырылганын билдирген. Калган он үчү жеңил жаракаттарды алышкан, арасында наристе да бар.

Каза тапкандардын арасында чет элдиктер бар экени кабарланууда, бирок кайсы мамлекеттин жарандары экени айтыла элек.

Португалиянын SIC Noticias телеканалы билдиргендей, кырсык 3-сентябрда, жергиликтүү убакыт боюнча 18:05те болгон. Рельстен чыгып кеткен вагондо канча киши түшкөнү азырынча белгисиз.

Күбөлөр башкаруусун жоготкон фуникулер өтө катуу ылдамдыкта имаратка барып урунганын айтып беришкен.

Шерине

XS
SM
MD
LG