Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму тажик бийлигин бул жылы камакта каза болгон памирлик беш активисттин өлүмүн тез арада жана калыс иликтөөгө чакырды.
"Бул адамдардын өлүмү тарыхый жактан куугунтукталган этностук, маданий, диний жана тилдик азчылык болгон памирликтерге тажик бийлигинин мамилеси боюнча олуттуу кооптонууларды жаратат", — деп айтылат жарыяланган HRW билдирүүсүндө.
Уюмдун маалыматына караганда, каза болгон активисттер 2022-жылдын май айында Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы (ТБАО) нааразычылык акцияларынан кийин камалган. Уюм алардын айрымдарына медициналык жардам көрсөтүлбөй калганын, февралда каза болгон бир памирлик активист тууралуу маалымат коомчулукка 2025-жылдын август айынын аягында гана белгилүү болгонун маалымдады.
"Абакта бир нече ай ичинде беш адамдын каза болгону саясий туткундарга мамиле жана абактагы шарттар боюнча олуттуу суроолорду жаратат. Бийлик бул өлүмдөрдү ачык-айкын иликтеп, үй-бүлөлөрүнө так түшүндүрмө бериши керек", — деди Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.
Буга чейин сегиз эл аралык укук коргоо уюму биргелешкен билдирүү таратып, Тажикстандын абактарында Тоолуу Бадахшандан чыккае төрт активист каза тапканын айыптап, тажик бийликтерин бул жамаатты куугунтуктоону токтотууга үндөшкөн.
2022-жылы аймактагы толкундоолордон кийин элди уюштуруп көкүткөн үчүн терроризмге айыпталып камакка алынган Кулмамад Паллаев, Аслан Гулобов, Музаффар Давлатмиров, Ираншо Мамадрахимов белгисиз жагдайда темир тор артында мерт болушкан. Туугандары, камалгандардын коргоочулары аларга коюлган кинелердин баары жасалма деп белгилеп келатышат. Укук коргоочулар төрт активисттин өлүмүнө абактагы ырайымсыз кыйноо, начар шарттар, медициналык жардам берилбегени себеп болгон деп эсептешет.
Тажикстандын Юстиция министрлиги жакында абакта ооруп калгандарга тийиштүү медициналык жардам көргөзүлүп жатканын айткан, бирок байкоочулар чыныгы жагдай, темир тор артындагылардын канчасы өлүмгө дуушар болгону жаап-жашырылат деп эскертишет. (AiA)
Шерине