Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:47

Путин Зеленский менен Москвада жолугууну кааларын кайталады


Путин Кытайда
Путин Кытайда

Орус президенти Владимир Путин украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушууну четке какпасын, бирок ал Москвада өтүшү керектигин билдирди. Бул тууралуу Путин Кытайга сапары учурундагы пресс-конференцияда билдирди. Ал мындай жолугушууга “мыкты даярдык” керек экенин, буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп жолугушуу уюштурууну суранганын айтты.

“Эгерде Зеленский даяр болсо Москвага келсин, ошондо жолугушуу болот”-деди орус президенти.

Путин ушуну менен экинчи жолу Зеленский менен Москвада жолугушууну сунуштады. Буга чейин Владимир Зеленский жолугушууну Москвада өткөрүүгө макул эместигин билдирген.

Бирок Путин соңку билдирүүсүндө Зеленскийдин президенттик мөөнөтү аяктаган деп, аны менен жолугууну каалабай турганын туюнткандай болду.

Август айында алгач Путин жана Трамп, кийин Трамп менен Зеленскийди коштогон Европанын бир нече лидери жолугушкан соң Украинадагы согушту токтотуу боюнча аракеттер жанданган. АКШ президенти украин жана орус президенттеринин жолугушуусун уюштурууга аракет кыларын айтып, андан майнап чыкпай келе жатат.

Зеленский жана Европанын лидерлери Путин согушту токтотууга кызыкдар эмес экенин айтып келишет.

Акыркы жолу шейшембиде күнү Дональд Трамп америкалык радио алып баруучу Скотт Женнингске маек берип жатып, Владимир Путинден "абдан көңүлү калганын" айткан. Ошол эле күнү Ак үйдө өткөн брифингде ал Украинанын жаңжалы боюнча "өтө кызыктуу нерселерди" билгенин кошумчалады.

Шерине

XS
SM
MD
LG