АКШнын президенти Дональд Трамп 3-сентбярдагы Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында Жапониянын капитуляциясынын жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 80 жылдыгына арналган парадды көргөнүн билдирди.
"Мен муну абдан таасирдүү болду деп ойлогом, бирок муну эмне үчүн кылып жатышканын түшүндүм. Алар мени көрөт деп үмүттөнүшкөн, мен көрдүм", - деди Трамп Ак үйдө журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда. Ал "АКШ Кытайга чоң жардам бергенин белгилеп, парадда алардын аты аталышы керек болчу" деген оюн айтты.
Трамп ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин парадда жанаша турган Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын менен "абдан жакшы мамиледе" экенин айтты. Бирок бул мамилелер канчалык жакшы экени "жакынкы эки жумада ачыкка чыгат" деп кошумчалады.
Парадда Си Цзиньпиндин жанында турган жана Украинадагы согушту токтотуудан баш тарткан Орусиянын президенти Владимир Путинге айта турган сөзү бар-жогун сураганда Трамп: "Менин президент Путинге дубай саламым жок. Ал менин бул багытта мамилемди билет. Ал чечим кабыл алышы керек. Мен ыраазы болом, же жок. Эгерде мени канааттандырбаса, анын кесепети болот", - деп жооп берди. АКШ президентинин айтымында, орус мунайын сатып алып жатканы үчүн Индияга салынган санкциялардан улам Орусия "жүздөгөн миллиардын" жоготту.
Трамп бейшемби күнү, Украинаны колдогон өлкөлөрдүн саммитинен кийин Владимир Зеленский менен сүйлөшөрүн кошумчалады. Саммит 4-сентябрда Парижде өтөт. Зеленский саммитке катышуу үчүн Францияга барып, президент Эммануэл Макрон менен жолугушту.
Шерине