Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:07

Иракта уурдалган орусиялык эксперт Елизавета Цуркова бошотулду


Елизавета Цуркова.
Елизавета Цуркова.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иракта уурдалган Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт Елизавета Цуркова бошотулганын жарыялады. Цурковада Орусия менен Израилдин жарандыгы бар.

"Принстондун студенти, АКШ жаранынын бир тууганы, "Катаиб Хезболла" (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган "Хезболла" тобунун бир канаты) жаңы эле бошоткон жана бир нече ай бою кыйноого кабылган ал учурда коопсуз жайда, АКШнын Ирактагы элчилигинде аман-эсен экенин кабарлап жатканыма кубанычтамын. Мен дайым адилеттик үчүн күрөшөм жана эч качан артка кайтпайм. ХАМАС, тез арада барымтадагыларды бошоткула!", деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагына.

Цуркованын бошотулганын Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа ас-Судани дагы ырастады.

Ушул жылдын 25-майында Цуркованы бошотуу он күндүн ичинде Иракта америкалык объектилерге чабуул жасоого айыпталып кармалган жети кишиге айырбаштоо жолу менен ишке ашуусу керектиги айтылган. Январь айында израилдик Haaretz басылмасы Цуркованы Израилде согуш туткуну катары жүргөн "Хезболла" тобунун активисттерине алмаштыруу мүмкүн экенин жазган.

Сирия жана Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт Елизавета Цуркова АКШда жашап, иштеген. Анын уурдалганы тууралуу маалымат 2023-жылдын июль айында айтылган. Кийин аны бошотуу үчүн Израил, Ирак жана Орусия ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатканы белгилүү болгон.

Израилдин маалымат каражаттары билдиргендей, ал Иракка Принстон университетинде жазып жаткан диссертациясына изилдөө жүргүзүү үчүн барган. Израилдин жарандарына Иракка кирүүгө тыюу салынгандыктан Цуркова орус паспортун колдонгон.


2023-жылдын март айынан бери Цуркова менен байланыш үзүлгөн. Ошол жылдын июль айында Израилдин премьер-министринин кеңсеси Цуркова тирүү экенин жана Израилдин дипломатиялык кызматтары аны бошотуу үчүн колдон келгендин баарын жасап жатканын жарыялаган.

2023-жылдын ноябрында "Ал-Рабиа" телеканалы Цуркова Израилдин жана Американын чалгын кызматтарында иштегени тууралуу айтып, Израилди Газа тилкесиндеги аракеттери үчүн сындаган видео тараткан. Цуркова үй-бүлөсүн аны бошотуп алып кетүүгө аракет жасоого чакырган. Видеожазуунун аныктыгын текшерүүгө мүмкүн болгон эмес, бирок Израил бийлиги видеону окумуштуунун тирүү экенине ишенимдүү далил катары кабыл алышкан.


Шерине

XS
SM
MD
LG