Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 9-сентябрда Катардын баш калаасы Дохада болгон ракеталык чабуулдарды айыптады.
Мамлекет башчынын билдирүүсүндө бул аракеттер эл аралык укуктун жана Бириккен улуттар уюмунун уставынын принциптерин бузары жана Катар мамлекетинин аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө шек келтирери баса белгиленди.
Израилдин Дохада чогулган ХАМАСтын жетекчилигин бутага алган аба соккуларын Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гетрриш да айыптап, бул кадам Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу аракеттеринде чечүүчү ролду аркалап келаткан Катардын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирет деп билдирди. Йемен, Ливан, Алжир, Омандын бийликтери Дохадагы чабуулду регионалдык, эл аралык тынчтыкка бүлүк салган окуя деп айыпташты.
Катардын башкалаасы Дохада шейшембиде күндүз бир нече жарылуу болду. Бул кабарга удаа Израилдин коргонуу армиясы палестиндердин радикал уюму ХАМАСтын жогорку саясий жетекчилиги бутага алынганын билдирди. ХАМАСты АКШ жана Европа Биримдиги террорчул уюм деп жарыялаган.
Израил армиясы жай тургундардын коопсуздугун болушунча камсыздоо чаралары көрүлгөнүн билдирди, бирок сокку качан, каерге урулганын, жыйынтыгы кандай болгонун кабарлаган жок.
Катардын бийликтери аба соккулары ХАМАСтын өкүлдөрү турган үйлөргө жасалганын тактап, Израилдин чабуулу эл аралык мыйзамдарды бузганын белгиледи.
Кабарларга караганда, ХАМАСтын жетекчилери Израил менен ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү талкуулаш үчүн Катарда чогулган. Делегация бутага алынышы мүмкүн экени тууралуу АКШ жетекчилиги кабардар болгон.
7-сентябрда АКШнын президенти Дональд Трамп жакын арада Газа боюнча келишимге жетишилерин айткан. Ал: "Бул абдан олуттуу маселе. Аны Жакынкы Чыгыш, Израил, бардыгы үчүн чечүүнү каалайбыз, жаңжалды жөнгө салабыз" деп билдирген. (AiA)
Шерине