Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:30

Трамп Евробиримдикке Кытай товарларына тарифти 100% көтөрүүнү сунуштады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Европа өлкөлөрүнө Пекин менен Делини Орусиянын энергетикалык ресурстарын сатып алууну кыскартууга же токтотууга көндүрүү үчүн Кытай менен Индиядан ташылган товарларга жогорку импорттук бажы алымдарын киргизүүнү сунуштады. Трамптын айтымында, АКШ дагы ушундай эле тариф киргизет.

Американын маалымат каражаттары жазгандай, мындай сунушун Трамп ушул тапта администрациясынын жогорку өкүлдөрү менен келечектеги санкцияларды талкуулап жаткан ЕБ делегациясы менен телефондон сүйлөшкөн учурда айтты.

АКШнын президенти эки өлкөнүн импортуна 100% пошлина киргизүү мүмкүнчүлүгүн билдирген.

The Financial Times басылмасынын Ак үйдөгү булагы президент "мындай кадам Кытай мунай сатып алуудан баш тартканга чейин кармалып турушу керек" деп эсептейт.

Америкалык жана европалык өкүлдөрдүн жолугушуусуна Украинанын премьер-министри Юлия Свириденко катышып, Орусияны согушка жумшаган ресурстарынан ажыратуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды.

Август айында президент Трамп Дели орус мунайын сатып алууну кыскартуудан баш тартканы үчүн индиялык товарларга импорттук алымдарды эки эсе кыскартып, 50 пайызга чейин түшүргөн. Учурда кытай товарларынын көбүнө 30 пайыздык салык төлөнөт. Дональд Трамп Кытай менен соода сүйлөшүүлөрүн узартып, бул өлкөнүн импортуна тарифтин 145% чейин көтөрүлүшүн кийинкиге жылдырган.

Шерине

XS
SM
MD
LG