Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Абактан бошотулган саясатчы Николай Статкевич Беларустан кетүүдөн баш тартты


Июнь айында Вильнюстагы көргөзмөгө коюлган "Николай Статкевичке боштондук" экспозициясы.
Июнь айында Вильнюстагы көргөзмөгө коюлган "Николай Статкевичке боштондук" экспозициясы.

Беларустун бийликтери 11-сентябрда бардыгы 52 туткунду, арасында Эркин Европа/Азаттык радиосунун журналисти Игорь Лосикти түрмөдөн бошотушту. Анын алдында беларус президенти Лукашенко менен АКШ президентинин атайын чабарманы Жон Коул жолугушкан.

"Вясна" укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, абактан бошотулгандардын баарын дароо күч менен автобуска салышып, Литванын чек арасынан өткөрүп ийишкен.

Алардын арасындагы белгилүү саясатчы, Беларустун каттоодон өтпөгөн социал-демократтар партиясынын лидери, 2019-жылкы шайлоодо президенттикке талапкер болгон Николай Статкевич автобустун эшигин тээп ачып, "эч жакка кетпейм" деп сыртта калып калган. Бошотулган оппозициячыл активисттер Статкевичти алар менен Литвага барууга көндүрүүгө аракет кылганда да майнап чыккан эмес. Андан соң беткапчан адамдар саясатчыны машинеге салып белгисиз тарапка алып кетишкен.

Беларустун бозгундагы демократиячыл күчтөрү Статкевичтин дайын-дарегин тактоого аракет кылып жатышат, азырынча ал кайда экени белгисиз. Ага чейин да куугунтукка кабылып соттолуп келген Николай Статкевич 2021-жылы соттун өкүмү менен 14 жылга түрмөгө кесилген болчу.

Шерине

XS
SM
MD
LG