Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

АКШ 20дан ашуун кытайлык компанияга санкция салды


АКШнын Соода министрлиги. Вашингтон
АКШнын Соода министрлиги. Вашингтон

Вашингтон жарыялаган санкция тизмесине 32 компания кирди, анын 23ү Кытайда жайгашкан. Американын Соода министрлигинин кеңейтилген тизмесине кошулган компаниялардын иши "АКШнын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыгына жана тышкы саясатына каршы келет" деп табылды.

Кошмо Штаттардын Федералдык реестриндеги маалыматка караганда, GMC Semiconductor Technology (Wuxi) Co жана Jicun Semiconductor Technology компаниялары Бээжиндеги SMIC Northern Integrated Circuit Manufacturing жана Semiconductor Manufacturing International ишканаларына жабдык жеткиргени үчүн тизмеге кирди. SMIC компаниясы буга чейин эле санкцияга илинген.

Жогору өндүрүмдүү эсептөөчү чиптерди чыгарган Shanghai Fudan Microelectronics Technology Co жана Кытай, Сингапур, Тайланддагы аны менен байланышы бар компаниялар америкалык жабдыктарды Бээжиндин аскердик модернизациясы үчүн колдонгону, кытайлык аскердик, мамлекеттик түзүмдөрдү камсыздаганы үчүн чектөөгө туш болду.

АКШнын Соода министрлиги Shanghai Fudan Microelectronics Орусиянын аскердик өнөр жайы үчүн да товар жеткирген деп эсептейт.

Санкциялык тизмеге мындан тышкары Индия, Иран, Түркия, Бириккен Араб Эмираттарынын компаниялары да кошулду.

Шерине

XS
SM
MD
LG