Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Өкмөт башчы өлкөнүн ички дүң өнүмү 1 триллион сомдон ашканын айтты


Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

Кыргыз өкмөтү 2025-жылдын алгачкы сегиз айында Кыргызстандын Ички дүң өнүмү (ИДӨ) 1 триллион 42,1 миллиард сомду түзгөнүн кабарлады.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 16-сентябрда аппараттык жыйында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Расмий маалыматка ылайык, жыл башынан бери ИДӨнүн реалдуу өсүшү 11% түздү.

“Өсүү экономиканын бардык тармактарынын салымынын эсебинен камсыз кылынды: курулуш тармагы 34,8%, тейлөө тармагы 9,5%, айыл чарбасы 2,4% өстү. Өнөр жайында өсүш 11,6% түздү. Айрыкча жогорку көрсөткүчтөр: фармацевтикада 2,2 эсе, тамак-аш өндүрүшүндө 44,4%, резина жана желим буюмдарын, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүүдө 32,2%, химиялык продукцияны өндүрүүдө 22,8%, текстиль жана тигүү өндүрүшүндө 7,1%, тоо-кен өндүрүшүндө 15,5% өсүштү түздү”, – деди Адылбек Касымалиев.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, сегиз айдын жыйынтыгы менен негизги капиталга тартылган инвестициянын көлөмү 166,0 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 20,1% көбөйгөн. Анын 30% же 49,3 млрд сому республикалык бюджеттен каржыланган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,6 эсе көп (2024-жылы 17,5 млрд сом). Жыл башынан бери инфляциянын деңгээли 5,1% түздү.

Өкмөт башчы жыйында айрым азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүзүү тапшырмасын берди. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG