Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Өзбекстанда уулдарын терезеден ыргытып, өзү да бой таштаган келин боюнча иш тергелүүдө


Өзбекстанда эки баласын терезеден ыргытып, өзү да бой таштаган келиндин окуясынын чоо-жайы иликтенип жатканын 18-сентябрда "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, окуя 17-сентябрда борбор калаа Ташкенттин Алмазар районунда болгон.

24 жаштагы келин өзүлөрү жашаган көп кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатынан 1 жана 3 жаштагы уулдарын таштап, өзү сегизинчи кабаттан бой таштап каза болгону, балдары аман экени маалымдалды. Балдардын абалы тууралуу кабарланган жок.

Башкы прокуратура алгачкы маалыматтарга таянып кабарлагандай, келиндин мындай кадамга барышына күйөөсү менен кызганычтын айынан уруша кеткени себеп болгон.

Эки апта мурда Ташкентте 34 жаштагы келин жети жашар кызын бычактап өлтүргөн. Үч жыл мурда ал дагы бир кызын зоопаркта аюлар кармалган жайга ыргытып жиберген. Келин психоневрологиялык диспансерде каттоодо турары белгилүү болгон.

Бул күндөрү Кыргызстанда да эне өз балдарынын өмүрүн кыйган каргашалуу окуя коомчулукта талкууланып жатат. 12-сентябрь күнү Чүйдүн Ак-Бешим айылында эки баласын өлтүрүүгө шектелип алардын энеси кармалды. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG