Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:31

"12 жылдык окутууга өтүү менен байланыштуу эмес". Мектеп көйгөйү качан чечилет?


Кыргызстандагы мектептердин бири, иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы мектептердин бири, иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы мектеп көйгөйү тууралуу комментарий берди. Ал "Кабар" маалымат агенттигине курган соңку маегинде айрыкча Бишкек шаарында мектеп таңкыстыгынан улам класстарга окуучулар батпай жатканы 12 жылдык билим берүү системасына өтүү менен байланышы жоктугун айтты. Бийлик мектеп маселесин этап-этап менен чечип жатканын билдирди. Деген менен адистер мектеп куруп, китеп чыгарып коюу менен эле маселе чечилбесин белгилешет.

Садыр Жапаров Бишкекте мектептерге окуучулар батпай жаткан себебин башталгыч класстарга салыштырмалуу көбүрөөк бала кабыл алынганы менен түшүндүрдү. Мектеп таңкыстыгын чечүү үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания курган көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарына убактылуу класстар уюштурулуп жатканын айтты. Ошондой эле Бишкек мэриясына бош турган имараттарды окуу борборлоруна берүү тууралуу тапшырма бергенин белгиледи.

Жапаров ата-энелерге балдарын мектепке ташыбай, жашаган жерине жакын окутуу сунушталып жатканына да токтолду:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Бул көйгөй 12 жылдык окууга өтүү менен байланыштуу деген туура эмес. Мындай маселе 12 жылдык билим берүүгө чейин эле болуп келген. Мурунку жылдары 140-150 миң бала мектепке кабыл алынса, быйыл 1-2-класстарга 227 миң бала кабыл алынды — бул эки эсе өсүш. Буга чейин деле “нулевой” класста бир жыл бою 100 миңдин тегерегинде бала окуп келген. Негизги жүк Бишкекке түшүп жатат. Бул ички миграцияга жана көптөгөн үй-бүлөлөрдүн туруктуу каттоосунун жоктугуна байланыштуу. Муну менен балдардын агымын алдын ала болжолдоо кыйын болууда. Урбанизация жана демографиялык өсүш темпи жогору. Биз пландын негизинде иш алып барып жатабыз. Жаңы мектептерди куруп, келечектеги курулуш инвестицияларын биринчи кезекте Бишкекке багыттайбыз. Иштеп жаткан мектептерди кеңейтип жана оңдоп жатабыз, убактылуу кошумча класстар бала бакчаларда ачылууда. Мисалы, Маликов көчөсүндөгү Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөр жактагы мектепте окуучулар өтө көп болгондуктан ошол жерге жаңы мектеп салынганча 700 орундуу класстар МИКтин үйлөрүнүн биринчи кабатына убактылуу уюштурулду. Мэрия менен биргеликте бош турган имараттарды окуу пункттарына багыттагыла деп тапшырма бердим. Ата-энелерге мектепти жашаган жерине жараша тандоону сунуштагыла деп жатам. Окуу деңгээли бардык мектептерде теңделип калды, баланы шаардын бир четинен экинчи четине ташуунун кереги жок".



Жапаров быйыл өлкөдө 119 билим берүү объектиси бүткөрүлгөнүн, анын ичинен 68и мектеп жана 27си бала бакча экенин белгиледи. Ошондой эле мындан кийин депутаттарга өтө зарыл болбосо деле өз аймактарына мектеп салдыруусуна жол берилбесин кошумчалады:

"Мындан ары депутаттардын добуш алуу үчүн салган мектептерди токтотобуз. Мисалы, бир айылда сонун эле мектеп турса жанына экинчи корпусту салдыра салган фактылар болуптур. Ошол эле учурда кошуна айылда мектеби жараксыз. Мындан ары Агартуу министрлигинин гана сунушу менен балдардын, калктын өсүү динамикасын эске алуу менен салабыз. Болбосо, айрым жерде бала аз жерге салынса, керектүү жерлерге салынбай келген. Чоң мектептерди салып алып, аларда же бала толбойт же мугалим жетпейт",-деген Жапаров.

Быйылтан тартып “Алтын казык” мамлекеттик программасынын негизинде 12 жылдык билим берүү системасы ишке кирген. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган.

Билим берүү маселелери боюнча эксперт Асылбек Жооданбеков мектеп таңкыстыгын жараткан себептерге токтолду жана бул маселени жоюуга байланыштуу ойлору менен бөлүштү:

Асылбек Жооданбеков.
Асылбек Жооданбеков.

"Бизде жаш өлкө катары демография өсүп жатат. Орус-украин согушунан улам ал жактагы жаш үй-бүлөлөр бала-бакырасы менен кайтып келген учурлар көбөйдү. Ага ички миграция кошул-ташыл болду. Айылда жумуш жок болгондуктан жаштардын көпчүлүгү өлкөнүн чоң-чоң шаарларында калып жатканы дагы мектептердин таңкыстыгына бир себеп болду. Бизде айрым бир таасирлүү депутаттардын айынан демография көп өспөгөн, зарылчылыгы деле жок аймактарга мектептер курулуп калган. Ушундай жагдайлардан улам Бишкек баштаган ири шаарларда мектеп жетишсиз. 12 жылдык окутууга өтүү, албетте, бир аз болсо дагы таасир этти. Анткени мектептерге дагы бир класс кошулду да. Бул маселелерди чечүү үчүн эмне кылыш керек? Азыр эми акча көп түшүп жатат, экономика өсүп жатат деп жатышат. Ошондуктан ар бир шаардагы демографияны эске алып туруп мектептерди куруш керек. Экинчиден, муну эми министрлик жасап жатат - жеке мектептерди ачууга жеңилдик берилиши керек. Жеңилдик эле берип койбой, мамлекет мүмкүн болушунча ошондой мектеп ачам деген жарандарга, ишкерлерге жеңилдетилген насыя, субсидия бериши керек. Бул мамлекеттик саясатка дагы жакшы болмок, билим берүүгө дагы көбүрөөк көңүл бурулмак. Андан сырткары азыр дүйнөдө интернет, технологиялар өнүгүп жатат. Эч кайда барбай туруп, интернеттеги ар кандай ресурстарды колдонуп, жемиштүү иштегенге мүмкүнчүлүк бар. Мындан улам онлайн мектептерди да уюштуруу керек. Айрыкча ата-энелерге, жогорку класстардын окуучуларына өз алдынча окуусуна шарт түзгөн стандарттарды, тесттердин стандарттарын иштеп чыгышыбыз керек. Айрыкча жогорку класстын окуучуларына өз алдынча окуганга дагы шарт түзүп беришибиз керек. Мектептерде окуу башталгандан бери 10-15 минутада жеткен жерге сааттап барып калдык. Ата-энелердин дүйнө таанымы өстү, балдарынын билимине көңүл бура баштады. Ошондуктан жакшы мектеп издеп шаардын бир башынан экинчи башына балдарын ташып жатат. Ар бир мектептин сапатын арттырыш керек. Өткөнда мага Кореяда окуп келген бала мектеп боюнча кайрылды. Ал жашаган аймактагы мектепте кружоктор жоктугун, мугалимдер жетишсиз экенин айтып, ушул багытта жардам бербейлиби деп сунуштады. Ушул сыяктуу демилгелер колдоого алынышы керек".

Ушул аптада Жогорку Кеңеште Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева борбордогу мектептердин дээрлик бардыгында бир класста 40тан бала окуп жатканын, айрымдарында 50дөн ашып кеткен учурлар бар экенин ырастаган. Андан сырткары мектептерде 500дөй мугалимдин орду бош турганы, айрыкча физика, математика жана химия өңдүү так предметтерден сабак бергендер таңкыс экени айтылган.



Деген менен дагы бир эксперт Мырза Каримов бул маселенин ириде мугалимдерди даярдоо, билимдин сапатын жогорулатуу өңдүү өзөгүнө көңүл буруп, аны чечүү керектигин белгилейт:

Мырза Каримов.
Мырза Каримов.

"Чынында бул көйгөйдүн тамыры абдан терең. Биз тамырын ойлобостон сыртынан эле карап жатабыз. Мисалы, курулган мектептерди карасаңар, алардын баарын эски долбоор менен эле куруп жатышат. Англисче айтканда, learning environment деген башкача - кенен, ачык жерлерде болушу керек. Биз ал жагына көңүл бурбай жатабыз. Маселенин тамыры мугалимдерди даярдаган жогорку окуу жайларында жатат. ЖОЖдор менен иштеген эч ким жок, донорлор дагы, мамлекет дагы алар менен иштебейт. Студенттер акы төлөп окуп жатат. Бирок кеп контрактта эмес, кеп методикада. Методиканы оңдомоюнча жылыш болбойт. Азыр ЖОЖдордун мугалимдери эски, союздан калган методика менен окутуп жатат. IT доорунда таптакыр башкача методика, ыкма болушу керек эле. Мектептерде ар бир балага өзүнчө мамиле жасаганды үйрөтүшү керек, себеби бир бала бат үйрөнөт, дагы бирөөнө көбүрөөк көңүл буруу керек. Балага эркиндик беришибиз керек. Баланын ой-жүгүртүүсүн жакшыртуу үчүн аны басынтып, туура эмес кылып жатканын баса көрсөтө бербеш керек. Бизде болсо мугалимдер качан жаңыла калса оозун жаба калайын деп ката аңдыгыч болуп алышкан. Мугалим деген ар бир баланы шамдай кылып жагышы керек, бизде болсо, тескерисинче, негизинен үйлөп өчүргөнгө маш болуп алышкан. Биз чынында кечиктик. Бизде азыр жалаң гана педагогикага басым жасаган бир дагы окуу жайы жок. Тамырына жакшылап көңүл бурбасак биз мектепти оңдой албайбыз. Мектепти куруп койсо эле ал жерге жакшы мугалим келип калбайт да".

Соңку расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 2394 мектеп бар, анын 2170и мамлекеттик, калган 224ү менчик. Аларда 1,5 млн ашуун окуучу билим алат.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети өткөн аптада "Мамлекеттик мектептерди куруу" долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу үчүн Сауд өнүктүрүү фондунан 50 миллион доллар насыя алуу тууралуу келишимди жактырган. Документте анын мөөнөтү 25 жыл болору, беш жылы жеңилдетилген мезгил болуп эсептелгени жана жылдык пайыздык чени 1,5% түзөрү көрсөтүлгөн. Бул каражатка Бишкек шаарында беш жаңы мектеп жана жети мектепке кошумча окуу корпусун куруу, ошондой эле Чүй облусунда 150дөн 1000 окуучуга чейин ылайыкталган эки жаңы мектеп куруу каралып жатканы маалым болгон.



"Мамлекеттик мектептерди куруу" долбоорунун биринчи айлампасында өлкөдө жалпы баасы 30 миллион доллар болгон 30 билим берүү мекемеси курулду.

Мындан сырткары агартуу министри Догдургүл Кендирбаева өлкөдө мындан ары жаңы стандартка ылайык, мектептерди экиден көп кабат кылып салса болорун жарыялаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG