Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Кыргызстанда курулуш тармагында өсүш 42% түздү


Бишкек
Бишкек

Кыргызстанда быйыл курулуш тармагында өсүш 42%, өнөр жайдагы өсүү 10% түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев 19-сентябрда Ишкерлер күнүнө карата уюштурулган иш-чарада билдирди. Анын айтымында, акыркы үч жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП ар бир жылы 9 пайыздан төмөн эмес темпте өсүүдө. 2025-жылы экономиканын ар бир айдагы өсүшү 11,5% түздү. Төрөбаевдин айтымында, жыл аягына чейин 134 өнөр жай объекттери ачылат.

“Министрлер кабинети өз саясатын бизнес менен диалогго негиздейт. Мамлекеттин, ишкерлердин жана коомдун биргелешкен иши аркылуу гана биз Кыргызстандын экономикасын туруктуу, инновациялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү кыла алабыз”– деди Төрөбаев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жергиликтүү медиага курган маегинде инвестициялык климат начарлап баратканын, жагдайды оңдоо үчүн жергиликтүү банктардын каржылоо системасын даярдоо иши башталганын билдирген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG