Кыргызстанда быйылкы жылдын сегиз айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 277 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2024-жылдын ушул айына салыштырганда 35,1% же 3710 учурга көп. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул убакыт аралыгында 11 328 аялга коргоо ордерлери берилсе, 547 эркек үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган.
Зомбулуктан жабыркагандар арасында майып адамдар, кыздар, жашы жете элек кыздар, балдар бар.
Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 3354 протокол түзүлүп соттордун кароосуна жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 1154 адам коомдук ишке тартылып, 1610 киши камакка алынган.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, июль айында 12309 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул өткөн жылдын ушул айына караганда 37% көп.
18-сентябрда ИИМ “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында “Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууда жана каршы күрөшүүдө укук коргоо органдарынын ролу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөргөн. Анда үй-бүлөлүк зомбулуктун себептери жана түрлөрү, мыйзамдардын иш жүзүндө колдонулушу жана укуктук практикадагы көйгөйлөр каралган.
Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 212 окуяга көп.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков министрликтин 2024-жылы аткарган иши тууралуу маегинде Кыргызстанда быйыл үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөш күчөтүлөрүн айткан. (КЕ)
Шерине