Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Президент Жапаров тышкы карызды "жашыл" долбоорлорго алмаштырууну сунуштады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2030-жылга карата эмиссиялардын деңгээлин 16%, эл аралык колдоо болсо 44% кыскартууну мерчемдеп жатканын белгиледи. Бул тууралуу мамлекет башчы Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын климаттын өзгөрүшү боюнча атайын иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Президент энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү жана гидроэнергетикалык станцияларды куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди. Коңшу өлкөлөр менен биргеликте аймактагы эң ири гидроэлектростанциялардын бири болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча долбоор ишке ашырыла баштаганын мисал келтирди.

Жапаров мамлекеттик тышкы карызды конкреттүү “жашыл” долбоорлорго алмаштыруу аркылуу реструктуризациялоо мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Ал ошондой эле өлкөдө каражаттары экология жана туруктуу тоо өнүгүүсү тармагындагы долбоорлорго жумшала турган Климаттык трасттык фонд түзүлүп жатканын айтып берди.

Буга байланыштуу инвесторлорду Кыргызстандын "жашыл" долбоорлоруна инвестиция салууга чакырды.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир жылда 33 пайызга өсүп, 8 млрд доллардан ашты. Өсүү боюнча Евразия экономикалык биримдикте сап башына чыкты. Уюмдун статистикалык маалыматына таянсак, карыз соңку бир жыл ичинде 182 млрд сомго же 2 млрд долларга өстү. Анын ичинен ички карыз 71%, тышкы карыз 18% көбөйгөн.

Жалпы көлөмү боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы учурда 732,7 млрд сом же 8,4 млрд долларга жетип турат. Түзүмү боюнча мунун 37,5% ички, 62,5% тышкы карыз болуп эсептелет. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG