Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Иран 100дөн ашуун жараны АКШдан депортация болгонун ырастады


АКШга мыйзамсыз киргендер.
АКШга мыйзамсыз киргендер.

Иран 120га чукул жараны АКШдан депортацияланганын, ушул аптада өлкөгө келерин ырастады.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хоссейн Нушабади Tasnim агенттигине алар Кошмо Штаттарга мыйзамсыз, негизинен Мексика аркылуу киргендиктен депортация тизмесине кошулган 400дөн ашык жарандардын бир бөлүгү экенин билдирди.

Анын айтымында, депортация болгондордун айрымдарында АКШда жашоого уруксат кагазы бар болгон, бирок өлкөдөн чыгарыла тургандардын тизмесине кошулуп калган. Алар репатриацияга макул болушкан.

Буга чейин New York Times басылмасы Тегерандагы расмий адамдарга шилтеме берип, 100дөй ирандык түшкөн учак 29-сентябрдын түнү Американын Луизиана штатынан учуп чыкканын, кийинки күнү Катар аркылуу Иранга конорун жазган.

АКШдан чыгарылгандардын тек-жайы, аты-жөнү жана алардын эмиграция болушунун себептери белгисиз.

Нушабади алар Ирандан мыйзамдуу түрдө чыкканын, бийлик кайра кайтышын кубаттап, ар тараптуу консулдук колдоо көрсөтүүнү убада кылганын айтты.

Укук коргоочулар АКШнын Иран сыяктуу адам укугу тебеленген мамлекетке мигранттарды депортациялаган саясатын сынга алууда.

Ирандагы адам укуктарынын сакталышына байланышкан абал дале оор. Саясий диссиденттер, активисттер, диний азчылык жана ЛГБТнын өкүлдөрү куугунтук жеп келет.

Байкоочулар АКШ администрациясынын депортация кампаниясы аялуу катмардагы мигранттарды артка кайтаруу менен алардын өмүрүн коркунучка кептеп жатканын айтышат.

Акыркы жылдары көптөгөн ирандыктар АКШнын түштүк чек арасы аркылуу мыйзамсыз кирип, башпаанек сураган. Ирандан саясий же диний ишенимдеринен улам куугунтук көрүп, качып чыгууга мажбур болгонун жүйө келтиришкен.

Бирок башпаанек сурап кайрылгандардын көбүнүн арызы четке кагылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG