Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:47

Мадриддик «Реал» казакстандык «Кайратты» 5:0 эсеби менен утту


“Кайрат” жана “Реалдын” күйөрмандары
“Кайрат” жана “Реалдын” күйөрмандары

Чемпиондор Лигасынын негизги этабынын алкагында Алматыдагы “Борбордук” стадионунда испаниялык “Реал” футбол клубу казакстандык “Кайрат” командасын 5-0 эсебинде утуп алды.

Оюндун биринчи таймында айып аянтчасынан франциялык Киллиан Мбаппе бир гол киргизсе, экинчи таймда Мбаппе дагы эки гол, Эдуардо Камавинга бир гол, марокколук Браим Диаз бир гол киргизди. Казак футболчуларынын Европанын эң титулу көп клубу менен алгачкы оюну дал ушундай эсептердин чоң айырмасы менен аяктады.

Казакстандын Алматы облусунун “Кайрат” футбол клубу 26-августта шотландиялык “Селтик” клубун утуп, тарыхында биринчи жолу футбол боюнча Европадагы негизги турнир - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычына чыккан.

Казакстанда ушуну менен экинчи футбол клубу Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычына чыкты. Мындан туура 10 жыл мурун “Астана” да тайпалык баскычына жеткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG