Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун календардык планын кабыл алды. Шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткандыктан бардык шайлоо иш-чараларынын мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылды.
Ага ылайык, саясий иш-чарага катышууну каалаган партиялар шайлоо дайындалгандан кийин үч календардык күндүн ичинде Боршайкомго арыз бериши керек. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 30-октябрга чейин уланат. Талапкерлерди каттоо үчүн тиешелүү документтерди тапшыруу 2-ноябрда аяктайт, аларды каттоо 10-ноябрда жыйынтыкталат.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрдан 29-ноябрга чейин уланат. Добуш берүү 30-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин болот. Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгышы керек.
Жогорку Кеңештин депутаттары 25-сентябрда парламентти таркатуу тууралуу демилгечи топтун сунушун бир добуштан колдогон. Президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган. Мыйзам боюнча Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек болчу.
28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).
Кайсы бир себеп менен мандатын тапшырып кеткен депутаттардын ордуна кайра шайлоо болбойт. Шайлоодо алардан кийинки орундагы талапкер келет. (BTo)
Шерине