Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:50

Муфтий эркектерди кыз-келиндерге аяр мамиле кылууга чакырды


Абдулазиз Закиров.
Абдулазиз Закиров.

Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз Закиров коомчулукка кайрылып, эркектерди аял затына урмат-сый көрсөтүүгө чакырды. Ал кыз-келиндерге кордук көрсөтүп, коомдо үрөй учурган окуялар болуп жатканын айтып, муну “трагедия, намысты тебелөө, коомду кыйратуу” деп баалады.

“Ага катары ар бир эр-азамат коомдогу кыз-келиндерге өз карындашындай аяр мамиле кылышы зарыл. Алардын абийирин, кадыр-баркын жана коопсуздугун коргоо – биздин мусулмандык жана инсандык парзыбыз. Ал эми ини катары эже-карындаштарыбызга, апаларыбызга ар дайым жардамчы болуу, оорун колдон, жеңилин жерден алуу – биздин милдетибиз. Алла Таала эр-азаматтарды күч, акыл, жоопкерчилик менен сынап койгон. Бул күчтү зулумдукка эмес, боорукерликке жана коргоого жумшоо – чыныгы эрдик”, - деп айтылат муфтийдин кайрылуусунда.

Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын окуясы коомчулукту нес кылды. Кыз 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, аны Барскоон айылында 41 жаштагы шектүү Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, Жеңиш айылында зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымына, башкача айтканда, Боом капчыгайына ыргытып жиберген.

ИИМ 41 жаштагы шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгон жаран экенин, ушул тапта ал Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалып турганын маалымдаган.

Айсулуу Мукашеванын сөөгү 30-сентябрда айылында жерге берилди. Анын жакындары шектүүгө катуу жаза берүүнү талап кылып жатышат. Кыз кармалган адам менен мурда-кийин тааныш болгон эмес.

Кыргызстанда буга чейин да кыз-келиндер уурдалып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуялар болгон. Өлкөдө быйыл сегиз айдын ичинде (январь-август) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 277 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 35,1% же 3710 окуяга көп. (BTo)







Шерине

XS
SM
MD
LG