Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:36

Украинада жайкын тургундар жараат алды, Орусияда эки аэропорттун иши убактылуу токтоду


Украина. Архив сүрөт.
Украина. Архив сүрөт.

Украинада 8-октябрга караган түнү Орусиянын соккусуна бир нече аймак кабылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Днепропетров облусунун Кривой Рог районунда, аскердик администрация билдиргендей, кеминде эки жергиликтүү тургун жараат алды, инфраструктура зыян тартып, өрт тутанды.

Никополь районунда үч киши жабыркады, ал жер, облус башчысынын айтымында, жапырт аткылоочу "Град" реактивдүү системасынан, артиллериядан аткыланды, FPV дрондору да колдонулду, үйлөр, машиналар жана имараттар талкаланып, өрттөндү.

Жалпысынан облус аймагында 29 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнгү маалымдалды.

Ал эми 7-октябрда, украин Башкы штабы күндү жыйынтыктаган кечки маалыматында билдиргендей, Орусия Украинага каршы 2229 согуштук дрон колдонду, бир ракеталык, 46 авиациялык сокку урулду.

Чабуулга кабылганын Орусия да билдирүүдө. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, 8-октябрга караган түнү Украина тараптан Белгород, Воронеж, Ростов, Брянск, Курск, Липецк, Тамбов, Смоленск жана Нижний Новгород аймактарына учурулган жалпысынан 53 согуштук дрон атып түшүрүлдү,

Нижний Новгороддо жана Ставрополдо дрон коркунучунан улам аба каттамдарына убактылуу чектөө киргизилгенин Росавиация кабарлады. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG