Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:01

Украинада эки, Орусияда үч жайкын тургун каза болгону кабарланды


Украина. 2025-жылдын сентябрь айында тартылган сүрөт.
Украина. 2025-жылдын сентябрь айында тартылган сүрөт.

Украина Орусиянын кезектеги соккусунан 8-октябрда эки жайкын тургунунан айрылганын жергиликтүү бийлик маалымдады. Херсон облусунун облустук администрациясынын башчысы Александр Прокудин Корабел районунда таңкы саат жети чамасында жасалган чабуулдан 62 жаштагы аял жана дагы бир эркек киши каза болгонун билдирди.

Мындан тышкары, анын айтымында, 55 жаштагы аял жараат алып, ооруканага түштү.

Днепр дарыясынын сол жээгин ээлеп турган орус аскерлери дээрлик күн сайын Херсон шаарына жана облус аймагына артиллерия, учак жана дрон менен сокку уруп келет.

Орусиянын Украина менен чектеш Белгород облусунда да 8-октябрда адамдар каза болгонун аймактын башчысы Вячеслав Гладков билдирди. Анын айтымында, ракеталык сокку урулду, үч кишинин өмүрү кыйылды, бир киши жараат алды, айрым имараттар зыян тартты. Бул үчүн ал украин тарапты айыптады. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG