Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

Эки бир тууганды өлтүрүүгө шектүү 3-декабрга чейин камакка алынды


Кармалган шектүү. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 9-октябрь, 2025-жыл.
Кармалган шектүү. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 9-октябрь, 2025-жыл.

Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда эки адамды өлтүрүүгө шек саналып кармалган 19 жаштагы шектүү 3-декабрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 9-октябрда чыгарды.

Ак-Ордо-3 конушунда эки бир тууганды мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен 19 жаштагы адам 7-октябрда кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) кылмыш ишинин айрым жагдайларын ачыктап, 34 жаштагы эркек кишиге 18, анын 38 жаштагы эжесине 11 жолу бычак сайылганы аныкталганын билдирген.

Бул тууралуу расмий маалымат чыга электе шектүүнү кармоо учурунда тартылган сүрөттөрү социалдык тармактарда тарап, интернет колдонуучулар ал буга чейин тараган видеодогу адамга окшош эмес экенин жазып чыгышкан.

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 34 жаштагы маркумдун жубайы анын күйөөсүн жана кайын эжесин өлтүргөн деген шек менен кармалган 19 жаштагы адамды тааныганын 8-октябрда айтып берген.

Министрликтин расмий маалыматына ылайык, шектүү Ички иштер министрлигинин коомдук жайларда орнотулган “Коопсуз өлкө” долбоорунун тутумуна кошулган адамдын жүзүн тааныган камералардын жардамы менен кармалды. Шектүүнүн кайсыл жакта жүргөндүгү боюнча маалыматтар такталып, Бишкек шаарынын аймагында жана Ысык-Көл облусуна чейинки аралыктагы видео камералар текшерүүгө алынган. Окуя болгон үйдөн далил буюмдар алынып, сыртта турган автоунаанын жүк ташуучу жеринен көп суммадагы акча табылган.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков шектүүнүн атасы Майрамбек Садыков “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары каттоодо турганын, ал “Дөө Чыңгызды” акыркы сапарга узатуу зыйнатына да катышканын жазды.

Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамдын өмүрүн алган окуя 3-октябрга караган түнү болгон. Ынтымак көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине түн катып кирген киши эки бир тууганды, 38 жаштагы аял менен 34 жаштагы эркекти бычактап өлтүргөн. Кылмыш болгон үйдөн маркумдун жубайы үч баласы менен качып чыгууга үлгүргөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси – “Адам өлтүрүү” менен кылмыш иши козголгон. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG