Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Кемпир-Абад иши: Сот айыпталуучулардын шайлоого байланыштуу өтүнүчүн четке какты


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар Бишкек шаардык сотунда 8-октябрда өткөн отурумда шайлоого катышууга байланыштуу өтүнүч келтиришти. Бул тууралуу алардын бири Эрлан Бекчоро уулу “Азаттыкка” билдиргендей, анда соттук процессти 1-ноябрга чейин токтото турууну өтүнүшүп, судья аны канааттандырган эмес.

“Каттоодон өтүү үчүн документтерди тапшырууга, ошондой эле кемпирабадчылар азыр үй камагында болгондуктан толук кандуу талапкер катары бирдей шарт түзүүгө 1-ноябрга чейин сотту токтотуп турууну соттон сурандык. Бирок сот өтүнүчтү канааттандырган жок. Тилекке каршы, себебин түшүндүрбөй четке какты”, - деди Бекчоро уулу.

Шаардык соттун басма сөз кызматы бул кылмыш ишине жашыруун грифи коюлганы үчүн маалымат берилбей турганын билдирди.

Кемпир-Абад иши Бишкек шаардык сотуна 2024-жылдын август айында түшкөн. Бирок бир жылдан ашык убакыттан бери ар кандай себеп менен ишти кароо баштала элек.

Былтыр 14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны жана активистти актаган.

Эртеси, 15-июнда президент Садыр Жапаров сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айыппул же пробация” деген. Июль айында Башкы прокуратура Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы шаардык сотко апелляциялык арыз берген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган. Алардын айрымадарынын иши өзүнчө бөлүнүп алынган.

Кылмыш ишин милиция козгоп, айып таккан. Айыпталуучулар аларга тагылган киненин баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG