Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:28

Евробиримдик Кыргызстандын суу тармагына 17 млн евро берет


Чоң Чүй каналынын батыш бөлүгүн тазалоо учуру. (архив)
Чоң Чүй каналынын батыш бөлүгүн тазалоо учуру. (архив)

Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Европа комиссиясынын ортосунда өлкөдөгү суу тармагын реформалоого 17 млн евро гранттык негизде каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.

“Макулдашуу суу ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, инфраструктураны жакшыртууга жана аларды туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын суу секторунда комплекстүү реформаларды жүргүзүүгө көмөктөшүүгө багытталган”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Айрым адистер алдыңкы жылдары Борбор Азияда суу маселеси күн тартибине чыгарын белгилеп, тармакты реформалоо менен келечектеги суу тартыштыгын алдын алса болорун айтышат.

Кыргызстанда 2025-жылы суу сактагычтарды оңдоо, каналдарды куруу, жаңы сугат системасын орнотуу үчүн 4,8 млрд сом бөлүнгөнү кабарланган. 20 миң гектар жерге тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасы орнотулган. (TSh)


Шерине

XS
SM
MD
LG