Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:33
Бишкек.
Бишкек.

Аянттагы митинг, чечилбеген кризис

Кыргызстанда айрым жетекчилер, облус башчылары кызмат орундарына кайтып барышты.

15:34 6.10.2020

"РИА новости": ЖККУ Кыргызстандагы окуяларды өзү жөнгө салат деп эсептейт

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму Кыргызстандагы окуяларды тынчсыздануу менен кабыл алып, кырдаалга көз салып турат. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги кабарлады.

Орусиялык агенттик уюмдун катчылыгына шилтеме жасап чыгарган кабарда Кыргызстандын бийлиги өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча ЖККУга кайрылбагандыгы белгиленет.

Кабарда белгиленгенге караганда уюм Кыргызстандагы саясий кырдаалды «өлкөнүн ички иши, өз алдынча жөнгө салып кетет» деп эсептейт.

15:37 6.10.2020

16:38 6.10.2020

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин кезексиз жыйынын чакырды

Парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, чукул жыйын Бишкектеги "Достук" мейманканасында өтөт. Ушул тапта мейманканага депутаттар чогулуп жатканы кабарланууда. Анда өлкөдөгү акыркы саясий кырдаал талкууланары күтүлүп жатат.

Мурдараак "Ата Мекен" партиясынын шайлоодогу лидери Жанар Акаев эртең, 7-октябрда парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүү сүйлөшүлүп жатканын билдирген. Ал бул үчүн бардык фракциялардын өкүлдөрү менен байланышып, чукул чогулууга үндөп жатышканын айткан. Анын сөзүнө караганда, жыйында жаңы төраганы шайлап, элдин ишениминдеги Элдик өкмөт куралат.

Бул арада Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Жогорку Кеңештин жыйындар залы талкаланып, жетинчи кабаттагы бир топ иш бөлмөлөр өрттөлдү. Президент Сооронбай Жээнбеков 5-октябрдагы окуяны шайлоо шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети деп баалады.

16:42 6.10.2020

Жаштар люстрацияны талап кылууда

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайынын алдында жаштар чогулуп, Координациялык кеңешке жаштар менен аялдардын кирбей калганына нааразычылыгын билдиришти.

Чогулган жаштардын атынан сөз сүйлөгөн алып баруучу Эркин Рыскулбеков: "Биз бийликти, креслону сурабайбыз. Биз бул төңкөрүштү жасаган жаштарга орун берүүнү суранабыз. Татыктуу аялдар, жаштар бар. Бирок Координациялык кеңеште 2005-2010-жылдагы революцияда да жүргөн адамдар кирип алган. Бул кеңеште жаштар менен аялдардын кирүүсүн талап кылабыз", - деп, митингге баргандарды чагымга алдырбай, тынчтык жүрүшкө чакырды.

5-октябрда Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы партиялар митинг өткөрүп, натыйжада митингчилер президенттин жана парламенттин кеңсесине кирип барышкан.

Президент 6-октябрда видео кайрылуу жолдоп, шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети болгонун айтты. Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол шаарларында каршылык акциялары уланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG