Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12
Бишкек.
Бишкек.

Аянттагы митинг, чечилбеген кризис

Кыргызстанда айрым жетекчилер, облус башчылары кызмат орундарына кайтып барышты.

11:38 7.10.2020

11:53 7.10.2020

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар: "Мекен Ынтымагы", "Чоң Казат", "Ыйман Нуру", "Ордо" жана "Реформа" партиялары түзгөн Элдик координациялык кеңеш өкмөт башчынын ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлүүсүнө каршы. Бул тууралуу аталган кеңештин мүчөлөрү бүгүн, 7-октябрда басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттерге билдиришти. "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков Садыр Жапаров бул кызматка келүүгө моралдык акысы жок деди:

"Садыр Жапаров алтынчы чакырылыштагы депутаттар менен тымызын чогулуп алып, өзүн өкмөт башчылыкка көрсөттү. Булардын өкмөтүнө биз каршыбыз, эл каршы чыгат. Ошондуктан, биз аларга "саясий принциптерди бузуп жатасыңар, токтоткула, элдин аң-сезимин адаштырып, тополоңго алып барууну токтоткула" деп талап кылдык. Биздин Координациялык кеңеш азыркы өкмөт иштей берсин, коопсуздукту сактап берсин деп сунуш кылып жатабыз".

12:18 7.10.2020

12:23 7.10.2020

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова 6-октябрь күнү кечинде болгон дайындоо чечимдерин мыйзамдуу деп эсептебей турганын атайын билдирүү жасап айтты:

«Эч кимге маалымат бербей эле депутаттар чогулуп алып жыйын өткөрүшкөн. Ага катышкандардын көпчүлүгү «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер болгон депутаттар экен. Бул өтө чоң шектенүү жана кооптонуу жаратууда. Кечээки жыйынга катышкандардын артында Жээнбеков менен Матраимовдордун кланы турушу мүмкүн деп эсептейбиз. Төңкөрүштү кайсы бир саясий күчтөргө ыйгарууга болбойт. Революцияны эл жасады, бийлик да элдики. Юридикалык бардык эрежелер бузулду. Жогорку Кеңештин отурумунун кворуму болгон жок. Өкмөт башчы менен спикерди шайлоо өтө одоно мыйзам бузуу менен ишке ашты. Мындай башаламандыкка жол бере албайбыз. Биз депутат Мыктыбек Абдылдаевди бийликке умтулган ар кандай күчтөрдүн кол жоолугу болбой, спикерлик кызматтан баш тартууга чакырабыз. Алар бийликти басып алышты. Дайындалган өкмөт башчы менен спикердин мыйзамдуулугун тааныбайбыз».

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG