Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57
Бишкек.
Бишкек.

Аянттагы митинг, чечилбеген кризис

Кыргызстанда айрым жетекчилер, облус башчылары кызмат орундарына кайтып барышты.

01:31 8.10.2020

Түркия Кыргызстандагы окуяларга тынчсызданат

6-октябрда Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин болгон окуялар терең тынчсыздандырарын билдирди.

Министрлик «ал окуялар курчуп кетпей, шайлоого байланыштуу бардык пикир келишпестиктер Конституциянын алкагында, коомдун жарашуусу жана акыл токтотуп жөнгө салынышын каалайбыз» деп белгиледи.

«Биз Кыргызстан мындай маселелерди акыл токтотуп жөнгө салыш үчүн саясий жактан жетилгендигин көрсөтөрүнөн жана эл тилектештигин билдиреринен күмөн санабайбыз. Биз дос жана боордош кыргыз эли жана өлкөдөгү бардык саясий топтор бирге иш алып барып, мындай сезимтал мезгилде Кыргызстандын тынчтыгы жана өнүгүшү үчүн тилектештигин көрсөтөт деп ишенебиз», деп айтылат билдирүүдө.

02:06 8.10.2020

Кыргызстанда акыркы күндөрү түзүлгөн курч саясий кырдаал Конституция боюнча кандай чечилиши керек? Ушул жана башка суроолорго талдоочу Сания Токтогазиева жооп берди.

Парламент тарыхый жоопкерчилигин сезиши керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:19 0:00

11:11 8.10.2020

Ыктыярдуу элдик кошуундар Бишкекти кайтарып чыкты

Бишкекте ушуну менен экинчи түнү Ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү борбор шаардагы муниципалдык жана мамлекеттик ишканаларды, кафе-ресторан, соода борборлорун кайтарды.

Активисттер баштаган ыктыярдуу топ мамлекеттик номуру жок машинелерди текшерип өткөрүп жатышат.

Өкмөт имаратынын алдында да жүздөгөн ыктыярчылар турду. Кайтарууга алынган объектилердин арасында КТРК, өкмөт үйү, мамлекеттик резиденция, Башкы прокуратура, мейманкана, ири соода борборлор жана башка жайлар бар.

Кыргызстанда 5-октябрда парламент, президенттик администрация отурган имарат жана УКМК демонстранттардын топтору тарабынан басып алынган. 6-октябрдын түнү топтошкон шектүү адамдар ар кайсы мекемелердин, соода борборлордун жанына барганы, бирок ыктыярдуу кошуундар талап-тоноочулук далаалаттарына жол бербегени айтылган.

12:04 8.10.2020

БШКнын мүчөсү кайра шайлоо бир ай ичинде жарыяланарын билдирди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды кайра шайлоо мөөнөтүн бир ай ичинде белгилейт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

Анын айтуусунда кайра шайлоого 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепкер болгон партиялар катыштырылбайт:

"Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга кайсы партиялар себепкер болгону БШК тарабынан иликтенет. Ыктыярчылар менен чогуу соцтармактарга жарыяланган шайлоо күнү болгон бардык мыйзам бузуулар тууралуу фактыларды чогулттук. Андан тышкары БШКга түшкөн арыздар бар. ИИМге, Башкы прокуратурага түшкөн даттануулар бар. Ошолордун ар бири каралышы керек. Карап, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепкер болгон партияларды аныктайбыз. Бул партияларга шайлоо күрөөсү да кайтарылып берилбейт".

4-октябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышындагы депутаттарды шайлоо өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча шайлоого катышкан 16 партиянын ичинен добуштардын көпчүлүгүн "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" партиялары алган. Булардан тышкары 7% босогону "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары басып өткөн.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон башка партиялар 5-октябрда Бишкекте мөөнөтсүз митингге чыгып, ал башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG