Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 1-майда макулдашылган ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди кубаттайт. Бул тууралуу баш катчынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик 3-майдагы басма сөз жыйынында билдирди.
"Ал эки өлкөнүн президенттеринин, премьер-министрлеринин жана тышкы иштер министрлеринин ортосундагы байланыштарды кубаттайт жана эки тарапты ок атышпоо тууралуу келишимдин сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүгө үндөйт", - деди Дюжаррик.
Маалыматка ылайык, Антониу Гутерриш БУУнун Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман эки тараптын бийлиги менен түз байланышта экенин белгилеген жана зарыл болсо уюм жардам көрсөтүүгө даяр экенин кайталаган. Ошондой эле баш катчы өткөн аптадагы жаңжалда көз жумгандардын жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин каалаган.
Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган 100 кыргызстандык ооруканада жатат.
Алардын арасынан оор абалдагы 59 адам Бишкекте, 41и Баткендеги бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орунбасары Ализа Солтонбекова 4-майда билдирди.
"Аларга дары-дармектер, кан жана медицина кызматкерлери жетиштүү", - деди Солтонбекова.
"Азаттык" радиосунун тажик кызматы ("Озоди" радиосу) кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан дагы эки чек арачы мерт болгонун билдирди. Тажикстандын Нурабад районунун расмий өкүлдөрү "Озоди" радиосуна ырасташкандай, бул райондон чыккан 20 жаштагы чек арачы Аслиддин Абдузаманов менен 26 жаштагы чек ара офицери Абдуллах Саидов 29-апрелде мерт болгон жана алардын сөөгү 1-майда жерге берилген.
Муну менен "Озоди" радиосунун эсеби боюнча, Тажикстанда чек ара чатагында каза болгондордун жалпы саны 18ге жетти. Алардын 10у аскер кызматкерлери экени, баш-аягы 90дой адам жараат алганы кабарланууда. Бирок Тажикстандын бийлиги жабыркагандардын жана курмандыктардын саны тууралуу расмий маалымат бере элек.
Чек арадагы жаңжалда 3,5 миң чарчы метр жол жарактан чыкты. Бул тууралуу транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев 4-майда брифингде билдирди. Андан сырткары бир топ жол белгилери уурдалып, бүлүндүрүлдү.
Кайынбаевдин ырасташынча, алдын ала эсеп менен жол инфраструктурасынын чыгымы 11 миллион сомдон ашты. Ушул тушта министрликтин комиссиясы чек ара жаңжалынын кесепетин тактоону улантып жатат, толук эсептелип бүткөндөн кийин жолдорду оңдоп, калыбына келтирүү башталат.
Баткенде тажик аскерлеринин аткылоосунан каза болгон 12 жаштагы окуучу кыз, Лейлектин тургуну Мадина Рахматжанова кандай жагдайда каза болгону белгилүү болду. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, Мадина апасы жана сиңдиси үчөө качып келе жаткан учурда 10 метр алыстыкта минометтун огу жарылган. 12 жаштагы кыз ооруканага жетпей көз жумган.