“Эксперттер талдайт” программасында кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал, кризистен чыгуу жолдорун талкуулайбыз.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Тажикстанда убактылуу, же такай жашап жүргөн, кыргыз паспорту бар жарандардын чыгарылып жатканы тууралуу комментарий берди. Анда бул маселе министрликтин көзөмөлүндө экени айтылат.
"Мындай фактылар бизге белгилүү. Бул маселе март айынын ортосунан тартып Лахш (мурдагы Жерге-Тал) районунда күтүүсүз текшерүүлөр тууралуу алгачкы маалымат түшкөндөн тартып Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө”, деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москвада 1-апрелде тажик кесиптеши менен жолукканда буга байланыштуу камтамачылык билдиргени белгиленген. Маселе эки өлкөнүн министрлери деңгээлинде талкууланып жатканы айтылган. Андан сырткары Бишкек Дүйшөмбүгө маселени чечүү үчүн жакынкы күндөрү министрликтер аралык кеңешме өткөрүүнү сунуштаган.
Буга чейин Тажикстан кыргыз паспортун алып жүргөн жарандарды өлкөдөн чыгарып жатканы тууралуу маалымат тараган.
Дүйшөмбү буга байланыштуу расмий комментарий бере элек.
Премьер-министр Улукбек Мариповдун жардыгы менен Абдикарим Алимбаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Баткендин буга чейинки губернатору Өмүрбек Суваналиев 4-майда “башка кызматка өткөнүнө байланыштуу” деген жүйө менен кызматтан бошотулган.
48 жаштагы Абдикарим Алимбаев буга чейин Чек ара кызматынын төрагасы жана анын орун басары кызматтарында иштеген.
Баткен облусунун жетекчисинин алмашуусу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ондогон адамдын өмүрүн алган жаңжалдан кийин кабыл алынып жатат.
Ал эми Баткен облусунун Лейлек районуна Алмазбек Рахманкулов аким болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр 5-майда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдирди.
Мурдагы аким Баймурат Бекмуратов кызматынан бошотулду.
Жаңы аким - 47 жашта. Буга чейин Исфана шаардык кеңешинде депутат, Жогорку Кеңештин депутаты Тилектеш Исаевдин коомдук кеңешчиси, "Кыргызтелеком" ишканасынын Директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасап жатат. Ал сөзүн Баткендеги коогада курман болгондорду эскерип, бир мүнөт аза күтүү менен баштады.
Жапаров кайрылуусунда кыргызстандыктар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жараткан окуяларга күбө болушкандыгын белгиледи.
“Мен талкаланган айылдарды тез арада калыбына келтирүүнү баштоо боюнча тапшырма бердим. Жапа чеккен жарандарга мамлекет тарабынан толук колдоо көрсөтүлөт. Эң кыска мөөнөттө жабыркаган калктуу конуштардагы жарандарыбыздын жашоосун калыбына келтирүү жана нормалдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлөт”,- деди Жапаров.