Премьер-министр Улукбек Марипов 4-майда Кыргызстандагы курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугуп, Баткенде чек арадагы коогада жабыркаган аймактарга жардам берүүгө чакырды. Буга чейин жаңжалда кыйраган турак-жайларды калыбына келтирүүгө өкмөт 700 миллион сом бөлөрү маалымдалган.
“Анын басымдуу бөлүгү, атап айтканда 500 миллион сому социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө жана жабыркаган айылдарга алып баруучу жолдорду курууга багытталат. Калган 200 миллион сому талкаланган турак-жайларды курууга жумшалат. Дал ушул жерде сиздердин тажрыйбаңыздар баалуу болуп саналат. Биз бардык тийиштүү шарттары каралган заманбап турак-жайларды куруубуз керек. Эң негизгиси – күз мезгилинин башталышына дейре жабыркаган жарандар турак-жайларга жайгашуусу үчүн иштерди тез арада баштообуз зарыл”, - деп белгилеген Марипов.
Чек арадагы куралдуу жаңжалдан соң "Каганат Инвест" компаниясы Баткендеги калабада турак-жайы күйгөн кыргызстандыктарга 20 үй куруп берерин жарыялаган.
Соңку расмий маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала-бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген. Жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Алардын 100ү ооруканада жатат.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда Элдик кошуундар түзүлөрүн айтты. Бул тууралуу 5-майда элге жасаган кайрылуусунда билдирди.
"Бул система чек ара аймактарында жашаган калктын жогорку мобилизациялык даярдыгын, аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат", - деди мамлекет башчы.
Ал куралдуу күчтөрдө олуттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп, куралдуу күчтөр тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүргүзө ала тургандай, технологиялык жактан толук жабдылган атайын бөлүктүн принцибине ылайык уюштурулушу керектигин билдирди.
Премьер-министрдин буйругу менен Баткен облусундагы Лейлек, Кадамжай жана Баткен райондорунун акимдери алмашты.
5-майдагы расмий кабарга ылайык, Лейлек районуна Алмазбек Рахманкулов, Кадамжай районуна Кутпидин Шакиров, Баткен районуна Учкунбек Жоробаев аким болуп дайындалды. Мурдагы акимдер кызматтарынан бошотулду.
Лейлек району Тажикстан менен, Кадамжай району Өзбекстан менен, Баткен району - Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет.
Мурдараак өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Абдикарим Алимбаев, анын орун басарлыгына Абдирашит Ташбалтаев дайындалган.
Расмий маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда талкаланган 136 турак-жайдын 93ү Лейлек, 46сы Баткен районунда.
28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажикстанда 18 киши көз жумганын "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлаган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы 5-май, саат 11.30га карата Баткендеги кырдаал тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы абал учурда туруктуу.
Чек ара кызматы Тажикстан 4-майда чек ара жаңжалы учурунда уурдап айдап кеткен кыргыз жарандарынын эки унаасын кайтарып бергенин кабарлады.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 5-майда коогада зыянга учураган чек ара бекеттерин кыдырып жүрөт.