Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:38
Карамык айылы, Чоң-Алай.
Карамык айылы, Чоң-Алай.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
  • Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
  • Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

  • Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.
  • 29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолгон.

  • 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен.
  • Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 58 миңден ашкан.
  • Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 180ден ашуун киши жараат алып, 36 адам каза тапкан.
  • Ал эми тажик өкмөтү 5-майда гана 10 жараны, 6-майда 19 жараны каза тапканын, 87 киши жараат алганын расмий билдирген.
  • Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган.
  • Кыргызстан 1-2-майда чек арада каза тапкандарга аза күткөн.
  • 5-6-майда Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий бийлиги чек араны чечүүгө байланыштуу макулдашууну жарыялашкан.
12:44 5.5.2021

Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун өнүктүрүү программасынын (UNDP) администратору Ахим Штайнер менен кыргыз-тажик чек арасындагы кризисти талкуулады.

4-майдагы жолугушууда Молдоисаева чек арадагы куралдуу жаңжалдагы курмандыктар жана зыяндар тууралуу маалымат берип, Баткен облусун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

Штайнер эки өлкөнүн ортосундагы чырды саясий жана дипломатиялык жол менен чечүү аракетин кубаттап, UNDP элдин жашоосун өнүктүрүүдө Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү бойдон кала берерин билдирди.

Молдоисаева 30-апрелде БУУнун баш катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Йенча менен жолугушуп, жогорудагы маселени талкуулаган.

30-апрелде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө Кыргызстан БУУдан жардам күтөрүн айткан.

14:30 5.5.2021

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Абдикарим Алимбаев "Азаттыкка" маек куруп, чек арадагы эл менен жеринде, тыгыз иш жүргүзүлөрүн билдирди. Баткен облусунун жетекчиси кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрүн алган жаңжалдан кийин алмашты. 48 жаштагы Алимбаев буга чейин Чек ара кызматынын төрагасы жана анын орун басары болуп иштеген.

15:44 5.5.2021

Орус президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 8-майда Москвадагы жолугушуусунда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалды талкуулашат. Бул тууралуу Орусиянын мамлекеттик "РИА Новости" жаңылыктар агенттиги Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын президенти Кызыл аянттагы Жеңиш парадына да катышат.

"ТАСС" жаңылыктар агенттиги Песковго шилтеме кылып жазгандай, Рахмон менен Путиндин сүйлөшүүлөрү кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыкканга чейин эле пландалган. Бирок Песков кыргыз президенти Садыр Жапаров Жеңиш парадына карата Москвага келбей турганын айткан.

Тажикстан жана Орусиянын башчылары чек ара жаңжалын талкуулай турганын тажик президентинин басма сөз кызматы “Озоди” радиосуна ырастады.

Кыргызстанда президент Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышары же катышпай турганы тууралуу расмий маалымат азырына боло элек.

16:38 5.5.2021

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Мишель Бачелет кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон кыргызстандыктар үчүн терең кайгыруусун билдирди.

Кыргызстандын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү, Женевада иш алып барган Данияр Мукашев 4-майда Бачелет айым менен чек арадагы кризисти талкуулады.

Мукашев 28-30-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагындагы коога тууралуу маалымат бергенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын өкүлү калабада курман болгон кыргызстандык 36 адамдын басымдуу бөлүгү жөнөкөй жарандар экенин, арасында 5 жана 12 жаштагы балдар бардыгын белгилеп, талкаланган турак жайлар тууралуу айтып берди.

Мукашев тажик тарап эл аралык милдеттенмелерди бузуу менен кыргызстандыктардын укуктарын, анын ичинде жашоого болгонун укугун бузганын айтты. Ошол эле учурда Кыргызстанда чек ара маселелерин согуш жолу менен эмес, тынчтык ыкмасындагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө кызыкдар экенин кошумчалаган.

Мишель Бачелет кыргыз-тажик чегиндеги жагдайга башынан бери кылдат байкоо салып келатканын билдирип, кыргыз өкмөтүнүн чырды ырбытпоого жасаган аракетин кубаттады. БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы эки өлкөдөгү кырдаалды өзгөчө көзөмөлгө аларын айтты.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Тажикстанда 20 киши көз жумганын, 90дой киши жарадар экенин "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG