Кыргызстандын Министрлер кабинети чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.
Ага ылайык, тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курат, Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонуп, абалын карап туруу милдетин алат.
Ошондой эле эки өлкө аталган анклавдын чегин "Кожалы- Ворух" жолунун курулгандан кийин тактоону макулдашкан.
Андан сырткары эки тарап №43 - №61, №135 - №141 чек ара чекиттеринин долбоордук тилкесин чийип чыгууну, ал үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн, 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин колдонуу тууралуу орток пикир табышкан.
Ошондой эле эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторуна 5-майдан 9-майга чейин жогорудагы чек ара тилкелерин тактап, жазуу тапшырмасы берилген. Муну менен кошо жумушчу топтор 17-майга чейин Кыргызстандын Лейлек районунун Максат, Кулунду, Баткен районунун Көк-Таш, Көк-Терек, Ак-Сай айылдарындагы жана Тажикстандын Овчи Калача, Чорку, Сомониён, Ходжаи Аъло аймактарындагы участоктордо топографиялык иштерди башташы керек.
Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, чек араны тактоо боюнча комиссияны жетектеген Камчыбек Ташиев 9-майга чейин кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги 112 чакырымды чийип, тактап чыгуу тапшырмасы берилгенин билдирген.
Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу жер тилкеси болуп саналат.
Коогада көз жумгандардын жакындарына 1 миллион сомдон берилет
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 6-майда Баткен облусунда жүргөндө билдирди. Ал Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган айылдарды кыдырып жүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу жана жок кылуу иштери жүрүүдө. Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Баткен районунун айылдарынан табылган снаряддарды тажик аскерлери колдонгон.
Министрликтин Инженердик башкармалыгынын адистери ушуп тапта Баткендин Максат, Кулунду, Кара-Бак, Кызыл-Бел, Достук, Миң-Булак, Самаркандек, Ортобоз, Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарында иштеп жатат. Алар элди кайсы бир аймактан жарылбай калган жардыргыч заттарды таап алышса, ага жолобостон, миналарды тазалоо адистерине дароо кабарлоосун суранды.
Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" (Human Rights Watch) уюму 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында башталган куралдуу кагылышта аскердик оор куралдар колдонулуп, андан карапайым эл жабыркаганы белгиленген.
Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткендеги Кулунду жана Орто-Боз айылдарынын тургундары менен жолугушуу учурунда чек ара жаңжалында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон, ал эми жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнүп берилерин маалымдады.
Ошондой эле ал кыйраган үйлөрдүн бардыгы акысыз калыбына келтирилерин, курулуш иштери ушул жылдын июнь айына чейин аяктарын белгиледи.
Мындан тышкары Баткен облусу өзгөчө статус алуу менен бир катар жеңилдиктерге ээ болорун, чек ара жаңжалынан жабыркаган тургундардын балдары Ысык-Көлдө реабилитациялоодон өтө тургандыгын кошумчалады.
Президент 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон.
Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланып, өрттөлгөн имараттарды калыбына келтирүү иштерине бюджеттен 700 миллион сом бөлүнгөнү маалымдалган.